Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Сүйүн Өмүрзаков: “Тилекке каршы биз Жайыл РИИБнин аймагында болгон кейиштүү окуянын күбөсү болүп калдык”

Сүйүн Өмүрзаков: “Тилекке каршы биз Жайыл РИИБнин аймагында болгон кейиштүү окуянын күбөсү болүп калдык”

06 июн 2018, 16:53    bishkek
2018-жылдын 6-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин  биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына Чүй ОИИББнин башчысынын орун басарларын милициянын полковниги Бактыбек Нарчаев менен милициянын полковниги Айбек Ажыбаевди жана Чүй ОИИББнин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Айбек Осмоналиевди тааныштырды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Чүй ОИИББнин өздүк курамына жетекчилерин тааныштырып жатып, дайындалган жетекчилерин мүнөздөмө берип жатып, мекен үчүн ак кызмат 
кылаарына ишеним көрсөттү.

Сүйүн Өмүрзаков: “Тилекке каршы биз Жайыл РИИБнин аймагында болгон кейиштүү окуянын күбөсү болүп калдык. Кызматкерлерибиздин кайдыгерлигинен улам ата-энесинин үмүтү болуп, келечеги алдыда болгон жаш кыз каза болуп отурат. Бул окуя баарыңыздар үчүн сабак болду. Эми биздин алдыбызда ыкчам кызматтык милдеттерибизди аткарууга чоң 
жоопкерчилик турат. Мен баардык кызматкерлерди жарандардын кайрылуулары менен арыздарына өз убагында чара көрүүгө, ошондой эле жарандар менен сүйлөшүүдө өздүк курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн так сактап сылык сүйлөшүүгө чакырам. Кылмыштарды алдын алууну жана резонанс жараткан кылмыштарды ачуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырам. 
Биздин негизги максатыбыз Кыргызстаныбыздын жарандарынын бейпилдигин жана коопсуздугун сактоо” деп белгилеп кетти.
Милициянын полковниги Нарчаев Бактыбек Нарбаевич- Чүй ОИИББнин ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары, болуп дайындалды. Ал 1976-жылдын 8-июль күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБнин Беш-Күйгөй МБПнын ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: ИИМдин КИББдин бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин 
кылмыш издөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин КМКнын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович –Чүй ОИИББнин коомдук  коопсуздук боюнча башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал 1971-жылдын 16-июнь күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын  Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын милиционери болуп баштаган. 
Ошондой эле аймактык тескөөчү болуп эмгектенген. Ар кандай жетекчилик  кызматтарда: Шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, Москва РИИБнин башчысынын орун басары, Тогуз-Торо РИИБнин башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын башчысы, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысынын орун басары жана башка кызматтарда иштеген.
Милициянын полковниги Осмоналиев Айбек Калмурзаевич - 1979-жылы 5-январда туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктап, алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда турган: Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнин бөлүм башчысы, башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин башчысы болуп иштеген.

Эскерте кетсек: Чүй ОИИББнин кадрдык өзгөрүүлөрү Жайыл РИИБнин имаратында болгон адам өлтүрүү фактысына байланыштуу. Кыргыз 
Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулган.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 17 февраля 2019 03:03
Principio Activo Proscar Vs Propecia Cialis Information Viagra Cannada levitra on line sale Methylprednisolone Urinary Infection
Comprar Cialis En Gijon Celebrex Discount Card cialis Strattera Cialis Bologna Levitra Quanto Tempo Prima
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив