Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Издөө
» » Жалпы жарандык паспорт даярдоо боюнча келишимге кол коюлду

Жалпы жарандык паспорт даярдоо боюнча келишимге кол коюлду

12 июл 2019, 13:00    bishkek


Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорт даярдоо боюнча Англиянын «De la Rue» компаниясы менен кошумча келишимге кол койду. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адилет Бейшеналиев ырастады. Макулдашуунун негизинде 500 миң паспорт кошумча даярдалат.
- Азыркы учурда паспорт маселеси жок, - деди Мамкаттоонун өкүлү. - Ушул тапта 226 миң даана жалпы жарандык паспорт бар. Ал ушул жылдын аягына чейин кеңири жетет. Жакын арада паспортту жасап келаткан «De la Rue» компаниясы менен келишимге Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кол койду. Ага ылайык дагы 500 миң паспорт кошумча жасалат.
Мамкаттоонун маалыматына караганда, 2019-жылдын 6 айында жалпы 520 210 паспорт (e-ID, жалпы жарандык, дипоматиялык жана кызматтык паспорттор) даярдалган.
Буга чейин Кыргызстанда жалпы жарандык паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерде чыр чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.
Мунун негизинде Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми мекеменин төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.
Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле. Учурда бул иш боюнча «Гарсу Пасаулис» Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылганы белгилүү болду.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив