Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Байпактан багалекке же, Экматтан экмет…

Байпактан багалекке же, Экматтан экмет…

21 июн 2019, 13:17    bishkek
«Экмет» деген эмне экенин билесиӊер да. Акыл-насаат же ар качан насаат катары айтыла жүрчү икая деген маанини берет эмеспи. Түпкүлүгүндө «хикмат» деген сөздөн алынган. Муну айтып аткан себебибиз, Экмат деген эргулубуз бар. ЖоКеде депутат. Бирок, өрт өчөөрүндө жалбырттап күйөт демекчи, бул Экмат мырза 4 жыл бою «пысып» эле олтурчу. Анан эле 4 жылдан соӊ кыбыраа-ап бир мыйзам ишин жаза салыптыр. Бул жагынан караганда «ачылыш» кылды десек жаңылышпайбыз. Ал демилгелеген «КР Салык кодексине ɵзгɵртүү киргизүү жɵнүндɵ» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу ɵттү. Байпакбаевдин мыйзам сыяктуу «немесин» түшүнүктүү тил менен айтсак Кыргызстанда ɵндүрүлгɵн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. Ушул жол менен контрабанда жолу менен сырттан кирип жаткан пиволорго чектɵɵ киргизсек болот деген логикага такады. Депутаттын ата мекендик ɵндүрүшчүлɵрдү колдогондун ордуна аларга бут тоскон мыйзам долбоорун сунуштаганы кандай? Акциздик марка киргизсек эле контрабанда кан буугандай токтойт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Акциздик марка кирген күндүн эртеси ата мекендик ɵндүрүшчүлɵр чыгарган сыра кымбаттайт. Пиво кымбаттаса элдин чɵнтɵгүнɵ күч келип, пивонун ɵтүмү тɵмɵндɵйт. Сатуунун кɵлɵмү азайса мамлекеттик казынага түшкɵн салыктын кɵлɵмү дагы тɵмɵндɵйт. Ошондой эле акциздик марка бизде чыкпайт экен, аны башка ɵлкɵдɵн алып келүүгɵ арагасыз болобуз. Мындан улам Экмат Жүрүкбаевич акциздик марка чыгаргандардын бизнесин жүргүзүү үчүн бул мыйзамды сунуштап жатканын баамдасак болот. Бирок, ошол эле маалда ата-мекендик сыра өндүрүүчүлөрдүн аракетин таш талкан кылгысы келет. Айтор, «Байпакты башка кийеличи»-дегендей эле кеп салды. Деги биз качанкыга чейин кайсы бир тар чөйрөнүн кызыкчылыгынан улам Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү кордой беребиз. Ар кимдин аӊ-дөӊгө сүйрөгөн икая-акыл насааты тажатып деле бүттү го. Байпак менен башты айырмалай билүүгө мезгил деле жетти го өзү.
Нургазы Айтмырзаев
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив