Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » МАИ башчы кызматкерлерин айдоочуларга өзү айдактап жаткан жокпу?

МАИ башчы кызматкерлерин айдоочуларга өзү айдактап жаткан жокпу?

21 июн 2019, 13:03    bishkek
Жөнөкөй логикага келели. Жолдо турган автоинспекторлор өзү эмне иш кылат. Айдоочулук күбɵлүктү план толтуруу үчүн гана алып айып жазганын эске албаганда, акча алуудан башка функциясы барбы? Бул боюнча Кыргыз республикасынын жол коопсуздугун кɵзɵмɵлдɵɵ кызматы, тагыраагы МАИ кызматынын жетекчиси Азамат Исраиловдон сурайлы дедик эле. Анткени, Азамат мырза бул тармакка башка адам эмес. Азыркы айып пулдардын анык атасы. Дегенибиз ошолорду мыйзам долбоору ирээтинде өзү жазып чыккан. Бирок, бул чоӊдор дегениӊ майда кызматкерлер мене ниши жоктой. Биз ошолордун ички көйгөйүн көтөрүп атабыз. Азамат мырза, алыскы райондордогу МАИ кызматкерлеринин кызматтык унаасы үчүн 1 айда бюджеттен канча литр күйүүчү май берилет? Бизге жеткен маалыматтарга караганда Ысык-Кɵл областында бир кызматтык унаага 60-100 литр май берилет экен. Айрым учурда гана 100 литр берилбесе туруктуу 60 литр берилээрин билдик. Атайын кортеж коштоп жүрүү болуп калса кошумча май берилбейт экен. Анан кантип МАИ кызматкерлери акча албасын урматтуу Азамат Бакирович! Ошол 100 литр май деле бир айлык машинанын чыгымына жетеби? Бир айда 30 күн болсо МАИлердин машинасы күнүнɵ 3 литр эле бензин ичеби? Же берилген майлар максаттуу пайдаланылбай сол чɵнтɵккɵ солонуп кетип атабы? Деги кызматкерлериӊиз ар качан эле акча чогулта бермей деген «рак» илдетинен качан кутулат? Муну токтотууга сиздин эркиӊиз жетеби? Так кесе айтып коюңузчу МАИ кызматкерлеринин 1 кызматтык унаасы үчүн бир айда канча күйүүчү май бɵлүнɵт?

«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив