Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Америкалыктардын акылына ким муктаж?

Америкалыктардын акылына ким муктаж?

21 июн 2019, 12:58    bishkek

Дүйнөнүн булуң-бурчунда америкалыктар өз кызыкчылыгын коргоп ар кандай иштерге бараарын жакшы билебиз. Кайсы жерде АКШ өз көз карашын орноткусу келсе ар кандай жол менен жөн гана орнотуп коёт. Мисалы, АКШ Конгресси тарабынан 1983-жылы негизделген АКШ бюджетинен каржыланган “NED” аттуу бейөкмөт уюму бар. Алар “Демократияны колдойбуз!” деген ураан менен бардык жерге мурундарын тыгышат. Американын саясатына каяша айткандардын кимисинде болбосун алеки заматта түстүү революцияларды уюштурушат да, бийликке Америкага чокунгандарды алып келишет.


Учурунда бул уюм Польшадагы “Тилектештик”, Чехословакиядагы “Хартия 77”, Сербиядагы “Туруштук” оппозициялык кыймылдарын каржылаган. 2015-ж РФ Башпрокуратурасы “NED” “ылайыксыз уюм” деп да тааныган. 2014-15-жылдары NED РФ бейөкмөт уюмдарын колдоого $9,3 млн. АКШ долларын жана Казахстандын жаштары кыймылына 1млн. АКШ долларын, ошондой эле украиналык БӨУ на 14 млн АКШ долларын жөнөткөн. “NED” 2015-жылы отчетунда алар өздөрү берген гранттык акчалар Киевдеги Евромайдандын алгачкы этабында зор роль ойногонун ооз көптүрүп айтып жүрүшөт.
Жогоруда биз терип-тепчип айтып жаткан бул уюмдун өкүлдөрү, тактап айтканда “NED” Борбор Азия боюнча долбоорлорунун аймактык координаторлору АКШ жарандары Спаска Гатзински Валентинова менен Белл Джефрри Джозефтер быйылкы жылдын майы айында жергиликтүү батышчыл бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, ММК өкүлдөрү жана оппозициялык саясий ишмерлер менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Эң негизги акыркы мезгилде АКШ Өкмөтү көзөмөлдөп-тескеп жаткан КР аймагындагы эл аралык бейөкмөт уюмдарынын жигердүү ишмердүүлүгү даана байкалат. Кыргызстанда өз өкүлчүлүгү болбой туруп айрым бир чет элдик уюмдар, анын ичинде “Демократияны колдоонун Улуттук фонду” (NED – «National Endowment for Democracy») эл аралык уюму да жарандык коомду колдоо, адам укугун коргоо, сөз эркиндиги, мамлекеттик органдарды кайра куруу, КР дагы жаштардын саясий активдүүлүгүн күчөтүү чөйрөлөрүндө ар кандай долбоорлорду сырттан каржылап жатканы өлкөдөгү тынч турмушка кандай таасир берээрин ойлонуп көр окурман!
Дагы бир кызык нерсе, “NED” Кыргызстандагы интеграциялык процесстердин фонунда жана 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого каратабейформалдуу жаштар уюмунун өкүлдөрүнө, ММК жана КР бийлигине карата оппозициялык маанайдагы жарандык коомдун лидерлерине гранттык жардам көрсөтүүнү көбөйтүү боюнча пландарын аныктаган. Кыргызстанга келген NED кызматкерлери эмне иш кылышты дейсизби? Алар өмүрү Өкмөттүн ишине ичи чыкпаган, өзүнө эмес Кудайга да нааразы, батыштын арыгынан суу ичип, арам акча менен Ата Журтка бүлүк салып, же бүтүн жерден жумурткадан кыр издеген кыргыз жарандары: көз карандысыз журналист Булат Сатаркулов, “Биздин укук” коомдук фондун директору К.Умуралиева, “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова, ЖКнын экс- депутаты Равшан Жээнбеков, “Жарандык коом жана демократия үчүн коалиция” уюмунун жетекчиси Д.Ошуракунова, “Прецедент Партнердук группасы” коомдук бирикмесинин экс-жетекчиси Н.Токтакунов, “Конституциялык кеўешме үчүн” кыймылынын аткаруучу директору Р.Карасартова, ЛБГТ укугу кыймылынын активисти А.Алканов, “Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациялары” БӨУ жетекчиси Ч.Акматова, “Жаштардын укук коргоочулар тобу” коомдук бирикмесинин директору Н.Эшматова, “Тынчтык демилгелер” КБ А.Муратов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Б.Рахманкулов, Р.Жээнбековдун “бизнес-кеңешчиси” М.Баязовдор менен жолугушуу өткөрүшкөн.

Карасартованын “ымандай” сыры

“Өзөктөн чыккан өрт жаман” дегендей Р.Карасартова айым, NED өкүлү Дж. Белл менен обочолонуп барып чайлашкан. Ал республикадагы коомдук-саясий кырдаалды ооз көбүртө божурап, Р.Карасартова бүгүнкү бийлик “олигархтык” бийлик жана кандайдыр бир жакшы тарапка өтүүнү күтүп да болбойт деп кошумчалайт да, Белл Джозефтердин: “Оппозициялык ММКлар барбы?” деген соболуна “7 Апрель” телеканалын, ”Kloop.kg” интернет ресурсун жана «Super.info» коомдук гезити калк үчүн маалыматтын альтернативдүү булагы болуп саналат” деп кеўири отчет берген. Рита Карасартова жашыл акчага баарын сатып ийгенден да кайра тартпайт белем. Мындай “патриот” айымдар турганда Кыргызстандын келечеги бүдөмүк экени айдан ачык.

АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН АНТКОРЛУГУ ЖЕ ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖЕЛПИНИШИ...
«NEDдин» КР аймагында өз таасирин көбөйтүү пландары тууралуу дагы бир факты катары америкалык коноктордун Бишкектеги кофеканалардын биринде Р.Жээнбеков жана анын саясий эксперти М.Баязов менен болгон кезигишүүнү айтсак болот. Мында алар демократияны өнүктүрүү менен адам укугун, ошондой эле өлкөдөгү жаралган коомдук-саясий жагдайга байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн NED уюмунан акча каражаттарын алуу маселелерин талкуулашкан.
Акча алуунун амалын кылдыбы, айтор Равшан мырза “Бизде жетишээрлик күчтүү оппозиция бар. Өкмөттүн жагдайды оңдогонго чама чаркы чектелүү!” деп сөз баштап, кеп учугун бизге колдоо керек деген өӊүткө бурган. Андан улам америкалыктар өз тарабынан маектештерин толук колдоп, ал үчүн жергиликтүү БӨУды бийликке таасир бере тургандай кылып башын бириктирүү керектигин сунушташкан. Ал ортодо С.Гатзинска Э.Байсаловго караганда Ө.Текебаев өтө күчтүү саясатчы экенин белгиленген. Мындай баага ичи тардык кылды окшойт, Р.Жээнбеков өлкөнүн түндүгүндөгү областтар толугу менен анын талапкерлигин толук колдой турганын айтып, өзүн КР Премьер-министри кызматында көрөөрүн айтып, ачык эле соодалашканга чейин барган.
Ошентип америкалык эки жаран “кыргызстандык” батышчыл бейөкмөтчүлөрдүн маанайын көтөрүп кетишти. Маалымат булактары боюнча “NED” өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кийинки келиши 2019-жылдын август айында күтүлүүдө. Демек, батышчыл бейөкмөт уюмдары дагы бир ирээт өздөрүнүн кара өзгөйлүгүн кылаарына шек жок.
Айтмакчы “NED” чет элдик уюм катары КР Юстиция министрлигинде катталган эмес. Кыргызстанда филиалы же өкүлчүлүгү да жок экендигин белгилеп коюш керек.
Жаманды коногу бийлейт болуп” качанга чейин кыргыз саясатындагы акыбалды чет элдиктердин колуна тапшырып жүрө беребиз?! Менимче мындай иштерге бөгөт койбосок болбойт. Же Кыргызстан ар ким келип, өз билгенин кыла берген ээси жок, эгеси жок дейбизби?!

Каныбек Кадыралиев
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив