Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » HRW БУУ комитетин Тажикстандагы саясий туткундардын тагдырына көңүл бурууга чакырды

HRW БУУ комитетин Тажикстандагы саясий туткундардын тагдырына көңүл бурууга чакырды

12 июн 2019, 17:03    bishkek
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетин Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланган маалда бул өлкөдөгү «абийир туткундарынын» тагдырына көңүл бурууга чакырды.

Быйыл июлдун башында Женева шаарында өтө турган БУУнун адам укуктары боюнча комитеттинин кезектеги сессиясында Тажикстан өлкөдө адам укуктарынын сакталышы, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын аткарылышы боюнча баяндама жасайт.


Human Rights Watch уюмунун 11-июнда жарыяланган билдирүүсүндө 2014-жылдан бери Тажикстанда 150дөн ашык адам саясий негиздер менен козголгон кылмыш иштери боюнча түрмөгө камалганы жазылган. «Катаал чаралар бийликти сындагандардын бардыгына карата колдонулууда. Ал эмес социалдык түйүндөрдө бийликтин саясатына каршы пикир айткан колдонуучулар дагы 5-10 жылга соттолду», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө саясий негизде камалган адамдар жок экенин билдирип келет. Бирок жергиликтүү оппозиция башка кылмыштар үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын көбү чынында саясий көз караштары үчүн камалганын белгилөөдө.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча 2015-жылдан бери тажик бийлиги өлкөнүн сыртында жүргөн оппозициялык көз караштагы адамдардын туугандарына каршы өнөктүк жүргүзүп келет. Анын алкагында жарандарды мыйзамсыз камоо, паспортторун алып коюу жана чет өлкөлөргө чыгууга тыюу салуу учулары катталган.
БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын жобосуна ылайык түзүлгөн. Анын курамында 18 эксперт бар. Алар комитетке мүчө өлкөлөр тарабынан документте каралган саясий жана жарандык укуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндамалар менен таанышып турушат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив