Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “Атамбаевдей адамга мамлекетти 8 жыл башкартканыбызга уялышыбыз керек!”

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “Атамбаевдей адамга мамлекетти 8 жыл башкартканыбызга уялышыбыз керек!”

12 июн 2019, 14:36    bishkek
 Мындай пикирин Жогорку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушев айтты. Ал, 8-июнда “Медиа-Форумдун” алдында экс-президент “Жогорку Кеӊеште чимкиригин көкмөк кылып депутаттар отурат. Бүгүн митингге келген 10 депутаттан башкасынын баары чимкириктер”-деп айткан пикирине жооп берди.

“Атамбаевдин бийликти тебелеп-тепсеп сүйлөгөнү уят нерсе. Биз бүгүн уялышыбыз керек, ушундай адамды 8 жыл мамлекетти башкартып, аягында ким экенин билип атканыбызга”-дейт эл өкүлү. Мындан тышкары депутат экс-президентти жоопкерчиликке тартууга чакырды: “Атамбаев өз убагында кадыр-баркын коргоп, сотко кайрылып, бир нече адамды доого жыккан. Эмне үчүн бул оозуна келгенди айтып, башкалардын кадыр-баркына шек келтирип жатса дагы тийиштүү органдар унчукпай карап отурат? Ал бир жолу айтты кечирдик, эки жолу айтты кечирдик. Эми үчүнчү жолу чара көрөлү.

Убагында Жогорку Кеӊешке шайлоого катышкан партиялардын тизмесин өзү түзбөдү беле? Мына, “Республика-Ата-Журт” партиясынын тизмесин түзүп, Атамбаев “Зулушев менен Сатевди киргизбейсиӊер” деп бизде жаӊжал болгон. Бизди парламентке алып келүүгө каршы болгон. Бул – узурпациябы? Мына ушунун баарына баа беришибиз керек. Мыйзам боюнча айтайын, Атамбаев “Улуттук коопсуздук кызматы, улуттук коркунучтуу кызматы болуп калды”-деп айтып жатат. Урматтуу кесиптештер, АКСти конституцияга каршы кылып ким түздү эле? Улуттук коопсуздук кызматына Прокуратурадан тергөөнү эч кимди укпай ким алып берди эле? Ушунун барын өзү кылбады беле? Эми ушунун бары өзүнө каршы иштеп жатат, чыдасын!”-деди Курманкул Зулушев.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив