Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » 2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

10 июн 2019, 12:51    bishkek
2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы салыктык башкаруунун дистанциялык ыкмаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу аркылуу мындан ары карай салыктык башкарууну жакшыртууга (таасирдүү иштеген заманбап салыктык башкарууну түзүү) жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле салык төлөөчүлөр жана салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так жана өз убагында аткарууну камсыздоого багытталган.


2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган:
-  салыктык башкарууну автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аралыктан өз ара аракеттешүү негизин түзүү;
-  көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсүн түзүү;
-  ЕАЭБде салыктык башкаруу бөлүгүндөгү интеграциялык процесстерди колдоо;
-  салык кызматынын ишмердигин кеңейтүү.
Аталган документти ишке ашыруу башкаруу процедураларын жеңилдетүү жана салыктык милдеттерди салык органдарынын кызмат адамы менен түз байланышсыз, электрондук түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камтыйт. Бул салык төлөөчүнүн бюджеттик төлөмдөр боюнча милдеттерин аткарууда убакытысын үнөмдөп, материалдык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.
Ошону менен бирге, Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында каралган бардык чаралар экономиканын бейформал тармагынан көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү чыгарууга багытталган, бул салык базасын бир кыйла кеңейтип, салыктык түшүүлөрдү өстүрөт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив