Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Кыргыз деп күйүп-бышкан эрендерибиздин балдары орус мектептерде окушат, алар кимдер?

Кыргыз деп күйүп-бышкан эрендерибиздин балдары орус мектептерде окушат, алар кимдер?

07 июн 2019, 14:06    bishkek
Улутту улут катары сактап турган негизги өзөгү бул - анын эне тили. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону менен кыргыз тили өгөй тил сыяктуу кейиштүү абалда келе жатканы жашыруун эмес. Эне тил үчүн ар бир жаран кам көрүүгө милдеттүү. Эгер анын намысы болсо. Болбосо арга канча?! Биздин саясатчыларыбыз кыргызга күйгөн киши катары күпүлдөгөн менен балдарына кыргыз тилди окутуудан уялышат. Балдарын кыргыз мектепте окуткан саясатчыларды дээрлик таппайсың. Балдарынын келечегине кам көргөн кишинин образында балдарын башка тилде окутушат. Анан да уялбай кыргызга күйгөн киши болуп койгонго күйбөгөн жериң күл болот да…
Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңештин депутаты: “Андай маселе бизде да бар”
--Менин эки уул, бир кызым бар. Эки уулум кыргыз мектепте окушкан. Кызымды тил билсин деп атайын орус мектепке киргизгенбиз. Эми кыргызчаны үйдө өзүбүз эле сүйлөйбүз, эки агасы кыргыз мектепте окуса дегем. Тилекке каршы кызым орус мектепте окуп, тигил эки агасы тең орусча сүйлөп калышты. Кыргыз тилинде сүйлөө боюнча маселе бизде деле бар. Тилиңерди унутпагыла, кыргыз тили энеңердин тили деп айтып эле жатам.
Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын лидери:
“Бала баары бир чөйрөсүнө карап сүйлөйт экен”
--Маңдайыма бүткөн бир эле кызым бар. Ал кыргыз орус улуту аралашып окуган мектепте кыргыз класста окуйт. Бала өзү чөйрөсүнө сөзсүз аралашып айланасындагы нерселерди сиңирип алат экен. Мындайча айтканда чөйрөсүнө карап сүйлөп калат тура. Үйдө апасы экөөбүз таза кыргызча сүйлөгөнгө аракет жасайбыз. Бирок кээде орус тили аралашып кетет. Ошол үчүн кызым эки тилди тең жакшы билет. Учурда чоң апасы менен эс алууда жайлоодо. Ал жакта эч ким орусча сүйлөбөйт. Ошондуктан жалаң кыргызча сүйлөп мени кубандырууда.
Таалайбек Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты:
“Балдарым орус мектепте окушкан”
--Азыр балдарымдын алды студент болуп калышты. Мектепте орус класстарда окуп калышты. Үйдүн жанында орус мектеп болгондуктан алыс барбасын деп киргизип койгонбуз. Ошол бойдон орусча окуп сүйлөп калышты. Бирок кыргыздын салттарын жакшы билет деп айтсам жаңылышпайм. Мисалы, улуу балам устуканды кандай тартуу керектигин жакшы өздөштүргөн. Заман талабына жараша балдарды тарбиялайбыз да.
Бактыбек Жетигенов, Жогорку Кеңештин депутаты:
“Ал убакта кыргыз мектеп аз болчу”
--Жашырбайм, балдарымдын баары орус мектепте окушкан. Бул аргасыздыктын иши болчу. Ал убакта үйдүн жанында орус мектеп бар эле. Айла жок, бергенбиз. Азыркыдай сапаттуу билим берген, деги эле кыргыз мектептер саналуу гана болчу. Эгер ошол кезде жакшы кыргыз мектептер ачылганда сөзсүз менин балдарым окушмак. Кудайга шүгүр кыргыздын тилин, салтын баарын жакшы билишет.
Ибрагим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы:
“Баламдын билим алуусуна каршы эмесмин”
-- Улуу кызым чет өлкөдө билим алат. Ага чейин Бишкектеги англис мектебинде окучу. Бул баламдын каалоосу, тандоосу болгондуктан тандоосуна каршы чыга алган жокпуз. Бизге балдардын кайсыл тилде сүйлөп же окуусу эмес, сапаттуу билими дагы керек. Келечек ошолордуку, билимдүү болсо ийгиликке жетүүсүнө чоң салым кошулат.

Замир Мырза, ырчы:
“Тил билсин деп кызымды орус класска бергем”
--Башка балдарым кичинекей болгондуктан азырынча кызым гана мектепке барат. Жашырбайм, ал орус мектепте окуйт. Атайылап тил билсин деп киргизип койгом. Үйдө жалаң кыргызча сүйлөйбүз, ошого өз эне тилин мыкты билет. Бирок акыркы убактарда мен балдардын орус мектепке окушуна каршы болуп калдым. Тил үйрөнсүн десек, англисче сабак өткөн мектептерге берүү керек экен. Буйруса кийинки балдарым Эл аралык мектептерге окуса деген тилегим бар.

Баян Кулова
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив