Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » «Түндүк» системасы Эстонияда эл аралык сыйлыкка татыды

«Түндүк» системасы Эстонияда эл аралык сыйлыкка татыды

24 май 2019, 16:34    bishkek

Кыргыз Республикасынын «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы Эстонияда «Жылдын өнөктөшү-2019» сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 21-майда Эстониянын электрондук башкаруу академиясы (E-GA) эң мыкты электрондук башкаруу системасы деп «Түндүк» тутумун тапты. Сыйлык тапшыруу аземине 130 мамлекеттен 500 делегат, БУУнун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү катышты.
«Электрондук өз ара аракеттенүү борборунун» башчысы Нурия Кутнаеванын айтымында, сыйлык тапшыруу аземинен кийин башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү тажрыйба менен бөлүшүүнү суранып, өздөрүнүн өкмөттөрүнө мисал катары көрсөтөрүн айтышты. «Жалпылап айтканда, бир жыл ичинде биз көп иштерди жасай алдык. Мамлекеттик мекемелердин ортосунда маалымат алмашуу ишке кирди: 19 мамлекеттик орган «Түндүк» аркылуу маалымат менен алмашууда. Эгер март айында 400гө жакын алмашуу болсо, апрелде бул көрсөткүч 700 миңге жетти. Бул жалпы Кыргыз өлкөсү үчүн жеңиш», — деди Кутнаева.
«Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму – бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды сунуштоо үчүн зарыл болуучу маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк бере турган маалыматтык тутум.
Артка бир кылчайсак, «Түндүк» электрондук системасы 2016-жылы ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен ишке кирген. Кийин Сооронбай Шарипович президенттик такка олтурганда дагы бул аракетин көз жаздымда калтырбай көзөмөлөг алып, а түгүн өлкөнү санариптештирем деп билек түрө киришкени алкоого алаарлык.
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив