Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » ИИМ Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында укук бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жалган экендигин билдирет

ИИМ Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында укук бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жалган экендигин билдирет

22 май 2019, 18:03    bishkek
Бүгүн, бир катар маалыматтык агенттиктерде кармалган Шамиль Атаханов ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгын билдирген билдирүү жарыяланган. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен Убактылуу кармоочу жайга барган.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору прокуротурага даттануу арызын жибергенин жана жооптуу милиция кызматкерлери жазаларын ала тургандыгын билдирген маалымат жасаган. Борбордун кызматкерлери ар дайым Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына барып турушат, ошол убакта  кармоонун бекитилген режимин билип алышса жакшы болмок. Ал эми, Шамиль Атахановду кармоода медициналык күбөлөндүрмөдөн өткөрүшпөгөндүгү жөнүндө даттануусу менен дооматтарына кайрылсак. Шамиль Атахановдо башка жарандар сыяктуу эле укугу бар жана жарандын конституциялык укугун тепселөөгө эч кимге жол берилбейт. Тилекке каршы, Убактылуу кармоочу жай курорт эмес, УКЖныны кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын денесинде жаракаттар бар экендиги аныктала турган
болгон учурда гана медициналык күбөлөндүрмөдөн өтөт. Убактылуу кармоочу жайга алып келгенде жана камерага киргизүүдөн мурда кармалуучунун денесинде ар кандай жаракаттардын жоктугу текшерилет, андан сырткары УКЖнын нөөмөт кызматкери тарабынан  ден соолугунун абалы суралат. Ден соолуктун начарлап кетиши же оору белгилерин байкаган учурда УКЖнын нөөмөт кызматкери тез арада тез жардам кызматын  чакырат. Ошондой эле жактоочусу менен жолугушуу жөнүндө талабын аткарбай коюшкан деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жактоочуга болсо, өзүнүн кардарына саат таңкы алтыдан түнкү саат онго чейин каалаган убагында келип турса болоорун түшүндүрүштү. Камерада одеалдын жоктугу жалган. Кармалуучу киргизилген камерада матрац жана эки одеял бар болгон, бүгүн болсо дагы бир одеял берилди. Даары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дон 19:00го чейин берүүгө болот. Ошондуктан, Убактылуу кармоочу жайда укук бузулгандыгы жөнүндө тараган билдирүү чындыкка дал  келбегендигин билдиребиз.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив