Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Аида Касымалиева: «Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын башкы максаты жарандардын өз эркин билдирүүнө шарттарды түзүү болуп саналат»

Аида Касымалиева: «Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын башкы максаты жарандардын өз эркин билдирүүнө шарттарды түзүү болуп саналат»

22 май 2019, 18:00    bishkek
Жогорку Кеӊеште 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын алкагында иштелип чыккан конституциялык мыйзам долбоорлорунун топтомунун концепциясы каралууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Аида Касымалиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун топтому стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу чараларынын бири болуп саналат. “Мыйзам долбоорлору шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Мында эл аралык уюмдардын мониторинг жүргүзүү миссиялары иштеп чыккан отчеттордо камтылган сунуштамалар да эске алынды”, - деди ал.

Старегиянын башкы максаты – жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга бөгөт болгон көйгөйлөрдү чечүү, алардын өз эркин көз карандысыз билдирүүнө шарттарды түзүү. Ошондон улам, «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө», «КР референдуму жөнүндө» КР конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорлорунун концепциялары сунушталууда.
“Жарандарыбыз, ошондой эле эл аралык коомчулук шайлоо тармагында жүргүзүп жаткан реформалары жаатындагы олуттуу ийгиликтерди белгилөө менен бирге, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын ортосунда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салууга байланышкан белгилүү бир катар көйгөйлөр менен кемчиликтерди белгилөөдө. Демилгечилер шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр аларды четтетүүгө өбөлгө түзөт деген ойдобуз”, - деп кошумчалады ал.
Баяндамачы демилгечилер тобунун атынан депутаттарды сунушталган мыйзам долбоорлорунун концепцияларын колдоп берүүгө чакырып, талкуу жүрүшүндө айтылган ой-пикирлер менен берилген сунуштамалар экинчи окуу жүрүшүндө эске алына турганын билдирди.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив