Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү

22 май 2019, 12:36    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

«Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынмыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти 2019-жылдын 14-мартында кол койгон.
Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ишке ашыруунун алкагында негизги иш мүмкүнчүлүгү чектелгендерди абилитациялоо жана реабилитациялоо кызматтары менен камсыздоого, алардын жашоосунун узактыгын жогорулатууга жана майыптуулуктун алдын алууга, медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге билим алуунун, сот адилеттигинин, эмгектин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, эркин жүрүүнү, жеткиликтүү чөйрө жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн универсалдуу жасалгалоону камсыздоого багытталат.
Жумушчу топтун курамына министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана кызматкерлери, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү киришти.

Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- 2019-жылдын 1-июлуна чейин – Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча 2019-2022-жылдарга карата биринчи кезектеги чаралар Планынын долбоорун;
- 2019-жылдын 20-августуна чейин – коомдук жашоонун ар кыл чөйрөлөрүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дискриминациялоону четтетүүгө жана каржылоо булактарын аныктоо менен республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдү түзүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө» Программасынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине киргизүүгө тийиш.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив