Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » ИИМ: Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу 23 кызматкер жазаланды

ИИМ: Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу 23 кызматкер жазаланды

04 июн 2018, 19:04    bishkek
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип ага ылайык ИИМдин буйругу жарык көрдү.

Ага ылайык Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИББнын жетекчилигинин кызматка болгон мамилелери жөнүндө кызматтык иликтөө жүргүзүлүп чыгып, жыйынтыгында кызматкерлердин ишке болгон мамилесиндеги кемчиликтери аныкталды.


Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставынын, Кыргыз Республикасындагы ИИОнын “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө”буйругунун талаптарын, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын Кодексн” одоно түрдө бузгандыүчүн, КРнын ИИОнын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптары одоно түрдө бузулган.

Ага ылайык Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Н. Сарчаев, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басарымилициянын полковниги К. Жумаев, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги М. Асанов, Жайыл РИИБнүн башчысы милициянын подполковниги М. Исмаиловээлеген кызматынан бошотулду.

Жайыл РИИБнүн башчысынын орун басарымилициянын майору Ж.Абыканов өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдетеринин талаптарына жооп бербеген абалда иш алып баргандыгынан, өз ишине кайдыгерлик менен мамиле кылгандыгына байланыштуу, жетекчиликтен жоопкер катары, кол алдындагы тергөө ыкчам тобунун өздүк кырамын жетишеерлик деңгелдекөзөмөл жүргүзө албагандыгынан, РИИБнүн имаратында жаранды бычактап адам өлүмүнө алып келген окуяга жол берилип, элдин милиция кызматкерлерине болгон ишеничи төмөн абалга келгенине байланыштуу “ички иштер органдарынын кызматынан биротоло айдалды.
Жайыл РИИБнүн башчысынын дагы бир орун басарымилициянын майору Б. Чаргынов “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланды Ошондой элеЖайыл РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басарымилициянын кенже лейтенанты А. Аблабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Кызматтык иликтөө аныктагандай Жайыл РИИБнүн тергөөчүсүмилициянын лейтенанты Э. Кадышев өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдетеринин талаптарынын талабын одоно түрдө бузуп, өзүм билемдик менен нөөмөткердин “кыз ала качуу” фактысы боюнча материалдарды чогултуп, тиешелүү иш чараларды жүргүзбөгөндүгү үчүн РИИБнүн имаратында жаранды бычактап өлтүрүү фактысы орун алгандыгын жана коомчулукта резонанстык, “милиция кызматкери” деген жогорку наамды булгап жалпы Кыргыз Республикасынын милиция кызматынынаброюуна шек келтиргендиги үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле ээлеген кызматынанЧүй ОИИББнынЧүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Т. Ниязалиев, Чүй ОИИББнын Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчү-нөөмөткери милициянын капитаны Т. Макашовдор бошотулду.

КР ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун башчысы милициянын полковниги Э.Орозакуновго “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланса, Чүй ОИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын майору А. Исаковго “катуу сөгүш”, ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн Чүй ОИИББы боюнча башчысы милициянын полковниги А. Сакишовке, “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды. .
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү милициянын прапорщиги З. Айткожоевге, Жайыл РИИБнүн тергөөчүсүмилициянын лейтенанты К. Сабыровго, Жайыл РИИБнүн криминалдык милиция кызматыныныкчам өкүлү милициянын капитаны А. Ормокеевге, Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн5-взводунун кенже тескөөчүсү милициянын прапорщигиЗ. Байтерековго, Чуй ОИИББнын кайгуул күзөт кызматыны 2-ротасынын милиционери милициянын прапорщигиБ.Майлыбаевге жана Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүннөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Ш. Юсузовдарга кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндо эскертүү тартип жазасы берилди.

Андан сырткары Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер-тескөөчүсү милициянын подполковниги И. Иманалиев,Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер-милиционери милициянын старшинасы Н.Эсенкулов, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери милициянын старшинасы М. Макеев, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери милициянын старшинасы А.Атакуловдор “ички иштер органдарынын кызматынан биротоло айдалды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 23 кызматкер тактап айтканда, ИИОнун катарынан биротоло айдалгандар 5, ээлеген кызмат ордунан боштулгандар-8, кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндо эскертилгендер -7 жанабашка кызматкерлер тартип жазаларына кириптер болушту. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.
Тактай кетсек, Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив