Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Башка эненин документи менен көз жарган эне каяктан табылды?

Башка эненин документи менен көз жарган эне каяктан табылды?

22 май 2019, 12:32    bishkek
Бүгүн, 22 – майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны улаантылды. Иш чаранын максаты Эмгек, миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын талдап, аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.

Жыйындагы кириш сөзүндө депутат Жылдыз Мусабекова мигранттардын кара тизмеге кирип калбашы үчүн аларга туура маалымат берилиши керектигин айтып, бул жаатта жергиликтүү деңгээлдеги адистердин ишти так билүүсү зарылдыгына токтолду.

Баткен областынын өнүгүүгө карай алган багыты илгерилеп жаткандыгы кубандырды, - деп кошумчалады эл өкүлү. Баткен шаарында курулуп  жаткан бейтапкананын ишке берилиши үчүн дагы кошумча 28 млн. сомдук каражат зарылдыгын билип, бул багытта өкмөттүн ыкчам чара көрүүсү талап кылынаарын билдирди.

Жумушчу топтун курамында депутаттар Евгания Строкова, Каныбек Иманалиев бар. Ал эми байкоочу өкүл катары депутат Жылдыз Мусабекова да бул темага өз пикирин билдирип, бул жакка келип олтурат, - деп билдирди Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова.
Буга чейин жумушчу топтун көчмө жыйыны Чүй областында өткөрүлсө, экинчи кезек Баткен областында уюштурулууда, - деп белгиледи эксперт.
Жыйында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин отчету менен тааныштырды. Социалдык роликтер даярдалып, ток – шоулар уюштурулуп, газеталарда түшүндүрмөлөр жүргүзүлүп, юридикалык, диний кызматкерлердин жардамы менен түшундүрүү иштери да жүргүзүлгөн. Флешмобдор өтүп, элдер ага активдүү катышышты.  Афган жана Баткен коогалаңдарынын ардагерлеринин катышуусунда да коомчулукка адам сатууга каршы күрөшүү иштери түшүндүрүлдү. Ошентсе да миграциялык кызмат ишти координациялык жолго салбаса, болбойт. Себеби, Баткен областы Өзбекстан, Тажикстан менен коңшулаш тургандыктан миграция маселеси курч, - дейт Ч.Саттарова.
Ошондой эле областтагы калктын 9834ү ишсиз. Бирок, алардын 7237си гана жумушсуз катары атайын каттоого турушкандыгы белгиленди.  
2018 – жылдагы 100 күндүк иштин жыйынтыгы да  маалымдалды.  “Эркиндик чатыры” аталышындагы иш чарада кулчулукка кабылбоонун эрежелери түшүндүрүлдү.
Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин,  Ички иштер министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017 – 2020 – жылдарга КР Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын жүзөгө ашыруу аракеттери боюнча маалыматтар тааныштырылды.
Башкы прокуратуранын Эмгек кодексиндеги эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жаатындагы иштери маалымдалды.
Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытовдун белгилешинче, төрөтканада дагы адам сатууга байланышкан бир учур катталган. Анда жаш эне башка бир эненин паспорту менен барып, ошол кишинин аты – жөнү менен төрөп, баланы ошол тарапка берүү ниетин ишке ашырмак болгон. Окуя учурунда билинип калып, кылмыш иши козголду, - дейт . Баткен ОИИБнин өкүлү.
Жыйындын акырында баардык айтылган маалыматтар боюнча талкуу жүрүп, сунуштар кабыл алынды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив