Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Депутат Жыргалбек Турускулов: «Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок»

Депутат Жыргалбек Турускулов: «Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок»

17 май 2019, 14:42    bishkek
Улуттук энергохолдинг компаниясынын түзүлгөнүнө 3,5 жыл болду, бирок ошондо берилген убадалар аткарылган жок, оӊ натыйжалар да байкала элек.
Мисалы, ушу тапта өлкөнүн энергетика тармагынын карызы 100 млрд сомдон ашты. Энергокомпаниялардын жогортуусу 1,5 млрд кВт/саатка жетти же 2 млрд 100 млн сомду түздү. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов «Республика – Ата-Журт» фракциясында тоо-кен, энергетика тармактарынын азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү жолдору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Фракция башчысы Улуттук энергохолдинг компаниясынын азыркы жылдык бюджети 74 млн сом көлөмүндө бекитилгенин, ал Энергетика министрлигинин тушунда 22 млн сом менен эле иштеп келгенин белгиледи. «Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок. «Электр станциялары» ишканасынын кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд 600 млн сомго азайды. Токтогул суу сактагычында былтыр 19 млрд куб/метр суу болсо, 15 млрд куб/метр гана суу топтолду. Демек, жагдай жакшы эмес», - деди Жыргалбек Турускулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл жарды суу айлампасы башталганын, ал 3-5 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди. «Ошондон улам, суу сактагычтарда суу кыйла азаят. Биз Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд куб/метр суу топтолорун болжогонбуз, азыр анда 15 млрд куб/метр суу бар. Бирок, баары бир сунунун көлөмү былтыркыга жетпейт», - деди ал.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив