Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди

Алишер Усманов Улуу Британиянын эң бай 10 жашоочусунун катарына кирди

13 май 2019, 15:52    bishkek


The Times басылмасы Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесин жарыялады. Анын алдыңкы ондугуна үч орусиялык ишкер кирген.
Жыл сайын жарыяланып келген бул тизмеге алгачкы жолу Alfa Group жана LetterOne инвестициялык компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Михаил Фридман кирген. Times басылмасы анын байлыгын 10,9 миллиард фунт стерлингге баалап, тизменин онунчу сабына жайгаштырган.
Фридман 2016-жылы Лондондун түндүгүнөн 65 миллион фунтка хансарай сатып алган. Анда Forbes журналы аны британ борборунун эң бай жашоочусу деп атаган.
Тизменин сегизинчи сабына 11 миллиард фунт стерлинг байлыгы менен өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов жайгашкан. Буга чейин ал Forbes журналы тарабынан бир нече жыл катары менен Орусиянын эң бай адамы деп таанылган. Forbes былтыр Усмановдун байлыгын 12,6 миллиард долларга баалаган.
Улуу Британиянын эң бай 1000 жашоочусунун тизмесинде Роман Абрамович 11 миллиард фунт стерлинг байлыгы менен тогузунчу сапка жазылган. Былтыр Абрамович узак мөөнөттүү британ визасынан кол жууп калган. Бирок ал израиль паспорту менен бул өлкөгө кирип чыга алат.
Тизменин биринчи сабына теги индиялык бир туугандар Шри жана Гопи Хиндуялар жазылган. Алардын байлыгы 22 миллиард фунт стерлинг деп бааланган. Бир туугандар өнөр жай жана каржы тармактары боюнча инвестициялар менен алектенишет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив