Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Авиакырсыктан тажик жараны дагы мерт болду

Авиакырсыктан тажик жараны дагы мерт болду

07 май 2019, 11:47    bishkek
Тажикстан жараны Фатхуддин Курбонбекзода "Аэрофлот" авиакомпаниясына таандык "Сухой Супержет" учагындагы кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети жекшемби күнү кечинде Шереметьево аэропортунда кырсыкка кабылган "Сухой Супержет" учагынында 78 киши баратканын билдирди. Алардын бешөө экипаж мүчөсү. Кырсыктан 41 адам мерт кетти.
28 жаштагы Фатхуддин Курбонбекзоданын тажик жана орус жарандыгы болгон. Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү маркумдун туугандары менен байланышып жатат. Жакын арада анын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.
Кырсыктан 37 киши аман калды. "Аэрофлот" алардын аты-жөнүн жарыялады. Беш киши ооруканада, алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Экипаждын төрт мүчөсү да аман.
5-майда кечки саат алтыда асманга көтөрүлгөн "Аэрофлот" авиакомпаниясынын "Sukhoi Superjet" учагы жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон. Интернетке тараган видео тасмаларда куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине токтоп жатканын көрүүгө болот. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунданын ичинде үйлөнгөн трап менен сыйгаланып чыгарылган. Бул өтө тез болгону менен алардын баарын куткарууга мүмкүн болгон эмес.

Маалымат каражаттары жүргүнчүлөргө таянып, учакка чагылган тийгенин кабарлап жатышат. Пилот Денис Евдокимов да асманда баратканда учакка чагылган тийген деген маалыматты ырастаган. Ошондон кийин учактын айрым шаймандары иштебей, жер менен байланыш үзгүлтүккө учураган. Пилоттор авариялык конуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Бирок асманда баратканда өрт болгон эмес.
Учкучтун сөзүнө караганда, учактын конушу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда учак жерге үч жолу катуу урунуп, май чачырап, ошол кезде жалын тутанган. Ошентсе да кырсыктын так себеби расмий айтыла элек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив