Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Ташкентте түркиялык окумуштуу кармалды

Ташкентте түркиялык окумуштуу кармалды

03 май 2019, 12:11    bishkek


Өзбек тарыхчылары жана илимпоздору менен жолугушууну пландаган түркиялык окумуштуу Чагатай Кучар 28-апрелде Ташкентте кармалды.
Күч түзүм кызматкерлери түркиялык конокту жана анын кызын “террорист” катары кармап, 70 жаштагы окумуштууну төрт саатка созулган сурактан кийин кое беришкени кабарланууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кучарга эгер кандайдыр бир иш-чараларга катышса, 24 сааттын ичинде депортация болорун айтышкан. Ал Өзбекстанда 9-майга чейин жүрөт.
28-апрелде Чагатай Кучар менен жолугуушууга чогулган өзбекстандык окумуштуулар тарап кетүүгө аргасыз болушкан. Иш-чаранын уюштуруучусу, тарыхчы Анвар Назирдин айтымында, Чагатай Кучар Түркстан легионунун президенти Вали Каюмхандын архивдерин мурастап калган жана ушул материалдар жөнүндө айтып берүүнү пландаган.
- Чагатай Кучар Түркстан тарыхына тиешелүү бул сейрек материалдар тууралуу айтып берүүнү каалаган. Балким өзбек тарыхчыларына архивди пайдаланууга уруксат бермек. Анын Түркстан тарыхы тууралуу китеби түрк тилинде жарык көргөн жана китепти Өзбекстанда чыгаруу планы тууралуу сүйлөшүүнү каалаган. Биз эч кандай саясий талкуу жүргүзмөк эмеспиз, болгону тарых тууралуу пикир алышмакпыз. Бирок окумуштуу ресторанда тамактанып жатканда “паспортуңузда маселе бар” деген шылтоо менен алып кетишти, – деди Анвар Назир.
Чагатай Кучар жана анын кызы эмне себептен кармалганы тууралуу расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив