Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Эмгек майрамы спорттук оюндар менен коштолду

Эмгек майрамы спорттук оюндар менен коштолду

03 май 2019, 10:27    bishkek
1-май - эмгек майрамы Өзгөн шаарында Зулпукар Ормоновдун ысмына арналган спорт оюндары менен коштолду. Аталган шаардын борбордук стадионунда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов тарабынан волейбол, футбол, шахмат, ордо, таяк тартыш, тогуз-коргоол, кол күрөшү боюнча спорттук  мелдеш уюштурулду.


Бул майрамдык салтанатты эл жыл бою чыдамсыздык менен күтүшөт. Райондогу 19 айыл өкмөтү, бир шаар өз командаларын курап, спортчуларын даярдап келишет. Алыс-жакындагы Өзгөндүн таланттуу уул-кыздары атайын келип мына ушул салтанатка катышкан элге концерт тартуулап беришти.

Аталган иш-чаранын башталгандагы максаты эле бир чети жаштарды сергек жашоо образына тарбиялоо болсо, экинчи чети калк саламаттыгына кам көрүү менен бирге элдердин биримдигин чыңдоо болгон.
Чыгып сүйлөгөндөр тарабынан элди мындай биримдикке үндөгөн иш-чаралар ар бир райондо, шаарда өтүп турса, мамлекеттин өнүгүшүнө да чоң түрткү болот эле деген ойлор айтылды.

Зулпукар Ормоновдун ысмына арналган спорттук мелдештер Өзгөн шаарында 17-жолу өтүп жатканын белгилей кетүүгө болот.
Ага удаа эле Ооган согушунун ардагерлери, алар баштан кечирген оор жылдар кийинки муунга үлгү болсун, согуш менен тынчтыктын маанисин түшүнсүн деген максатта чыгарылган «Мезгил бизди тандаган» деген китептин бет ачары ооганчылар үчүн майрамдык белек болуп калды. Аталган китепке Өзгөн районундагы Ооган согушуна катышып келген жоокерлердин баштан кечирген окуялары киргизилген.
Өзгөн шаарында өткөн майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары А. Касымалиева, А.Арапбаев, А.Карашев, К.Зулушев, К.Баймуратов катышты.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив