Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Текебаев менен Чотоновдун соту 3-майга жылды

Текебаев менен Чотоновдун соту 3-майга жылды

24 апр 2019, 12:20    bishkek
Жогорку соттун коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону 3-майга жылдырды.

Буга ишке катышып жаткан прокурордун материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга уруксат сураганы себеп болду. Судьялар кеңешүүдөн кийин прокурордун бул өтүнүчүн канаттандырып, соттук жараянды 3-май, саат 10:00гө калтырды.
Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде бул ишти кайра кароо өтүнүчү менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, отурум 23-апрелге белгиленген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив