Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду

16 апр 2019, 17:55    bishkek
Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жамшитовдун айтымында, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.
Башкы прокурордун сөзүнө караганда, бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Анын 101,6 млн. сому музейден, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.
Тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр 25-майда «Ата Мекен» фракциясы айтып чыккан. Анда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган.
Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.
Кийинчерээк Улуттук тарых музейин оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мармар жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону ачыкка чыккан.
Көп өтпөй УКМК музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражатты туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.
Экс-премьер-министр Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого тиешеси бар экенине сыймыктанарын айтып, ал эми ага кымбат баада сатылып алынган экспонаттар өз баасына ылайыктуу деп билдирген.
Ал музейдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин саясий негизде, мурунку бийликте тургандарды каралоо максатында козголгон деген пикирин айткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив