Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Депутат Бактыбек Турусбеков: «Бул жерде «буюрса» деген жубатма сөздүн кереги жок, андан көрө жанагы жаӊы тарифтик саясаттын так мөөнөтүн аташ керек»

Депутат Бактыбек Турусбеков: «Бул жерде «буюрса» деген жубатма сөздүн кереги жок, андан көрө жанагы жаӊы тарифтик саясаттын так мөөнөтүн аташ керек»

16 апр 2019, 17:48    bishkek
Өлкөнүн орто мөөнөттөгү электр энергиясы боюнча тарифтик саясаты аяктады, буюрса, Өкмөт жакында парламенттин кароосуна жаӊы 5 жылдык тарифтик саясаттын долбоорун киргизет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык жөнөгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Өкмөттүн отчетунда Кыргызстандын тарифтик саясаты жөнүндө маалымат камтылбай калганына нааразы болгон депутат Бактыбек Турусбеков бул жерде кыргыздын «буюрса» деген жубатма сөзүнүн кереги жок экенин, андан көрө жаӊы тарифтик саясаттын киргизүүнүн так мөөнөтүн атоо орундуу болорун эсине салды. «Демек, азыркыга чейин анын так мөөнөтү жок экен да», - деп кошумчалады ал.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергиясы боюнча тарифтик саясат ар 5 жылда кабыл алынып турарын белгиледи. «Тарифтик саясат жаӊыртылат деген сөз электр энергиясынын наркы көбөйтүлөт дегенди билдирбейт. Тариф көбөйүшү мүмкүн, азайышы мүмкүн, ушул боюнча эле эле калышы да мүмкүн», - деди ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив