Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Тажикстандын пенитенциардык системасында кардрдык өзгөрүүлөр болду

Тажикстандын пенитенциардык системасында кардрдык өзгөрүүлөр болду

12 апр 2019, 13:30    bishkek
Тажикстандагы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын системасында ротация болду.
Тажик укук коргоочуларынын айтымында, акыркы ротация Хожент колониясындагы тополоңо байланыштуу. 2018-жылы 8-ноябрь түнү болгон абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жаракат алган.
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров 11-апрелде кадрдык өзгөрүүлөр болгонун, бирок Хожент колониясында иштегендер алмашпаганын тастыктады.
Тажикстандын түндүгүндө эки колония жана эки тергөө изолятору жайгашкан. Алардын баары Хожент шаарында жайгашкан. Кадрдык алмаштыруулар Тажикстандагы башка түзөтүү мекемелеринде да болору күтүлүүдө.
Тополоңдон эки апта өткөндөн кийин Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Брюсселде бийликтин расмий версиясын жарыялаган:
– Күзөтчүлөр жана колониянын кызматкерлери козголоңчуларды диалогго чакырган, - деди ал. - Бирок соттолгондор каршылык көрсөтүп, бир нече киши качууга аракет кылган... Өлгөндөрдүн ичинен 12си Сирия жана Иракта ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышканы үчүн жазасын өтөп жаткан, үчөө – "Ансоруллах", "Жундуллах" экстремисттик тобунун жана "Өзбекстан Ислам кыймылынын" мүчөсү, алтоо – киши өлтүрүү, баңгизат аткезчилиги сыяктуу оор кылмыштар үчүн соттолгон.
Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив