Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: "Бурулайды өлтүргөн мыкаачы, шалаакы милиция жазасын алат, биз көзөмөлдөйбүз!"

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: "Бурулайды өлтүргөн мыкаачы, шалаакы милиция жазасын алат, биз көзөмөлдөйбүз!"

04 июн 2018, 11:33    bishkek
Бир катар депутаттар «Турмуш курууга жашы жетпегендердин никеге туруусуна тыйуу салган» мыйзамды иштеп чыкканбыз, ал 2016- жылы кабыл алынган.
Ага улай кыздарды эркинен тыш ала качууга каршы мыйзамдагы жазага тартуу мөөнөтү жөнүндө беренени катаалдатууну да өзүм карап жаткан элем.
Он гүлүнүн бири ачыла элек Бурулайдын өлүмү баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Анын ордуна ар кимибиздин кыздарыбыз болуп калышы мүмкүн! Бул мыкаачылыкка тийиштүү зөөкүр кылмышкерлер, шалаакы милиция кызматкерлери өз жазасын алышат! Биз аны көзөмөлгө алабыз!

Бирок мен сиздердин көңүлүңүздөрдү башка нерсеге бургум келет - ушул окуяга эн биринчи кезекте коомдо эркек жарандарыбыздын моралдык жоопкерчилиги өтө чоң деп ойлойм.

Келгиле жигиттер, аялзаттын назик дүйнөсү биздин колубузда, ар кимибиз аялзатын колубузга салып бапестегенди, бакканды, сыйлаганды уйрөнөлүчү. Кыздарыбыздан "патриот" болуп ар нерсе талап кылгандан мурда, чыныгы патриот болуп, аларды сыйлап, калкалап, алардын укугун коомдо бийик коелу. Жигиттер, сен, мен, ал - ар бирибиз ата-бабаларыбыздын түпкү уңгусуна, улуулугуна кайтып, улуу-кичүү, аялзат, жан-жаратылышка болгон мамилебизди мырзачылык денгээлге көтөрөлү! Биз өзүбүздүн эркектик, коргоочулук жоопкерчилигибизди көтөрсөк, коомубузду бактылуу эне, дени сак бала түзүп турса, келечекте улуу муун калыптанып, улут катары жаңы бийиктикке көтөрүлөбуз!скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив