Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Ички аскерлерди Улуттук гвардиядан ИИМге өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам долбоорлору каралууда

Ички аскерлерди Улуттук гвардиядан ИИМге өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам долбоорлору каралууда

11 апр 2019, 15:10    bishkek
Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында бири-бирине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен “КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов аталган мыйзам долбоорлору боюнча баяндама жасады.  2014-жылы аскердик реформанын алкагында, Ички аскерлер КР Куралдуу күчтөрүнүн тутумуна кирген КР Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген. Ички аскерлердин Улуттук гвардиянын курамында болуусу өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык-күжүрмөн маселелерди чечүүдөгү алардын дараметин жана мүмкүнчүлүгү чектеген. 
Буга байланыштуу, КР Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы Жарлыгы менен мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына берилген штаттардын, документтерин, имараттарын, курулмалардын, материалдак-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрүндүн эсебинен Ички аскерлерди түзүү чечими чыгарылды. Бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында аталган мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.
Маалыматка ылайык, “КР ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун, коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Муну менен бирге, долбоор менен колдонуудагы мыйзамдын I бөлүгүн ички аскерлерди жетектөө жана алар менен өз ара аракеттешүү боюнча ченемдерди алдын ала караган 51-берене менен толуктоо сунушталат. Сунушталган берененин мазмуну Ички аскерлерди КР Улуттук гвардиясынын курамына өткөрүп бергенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын күчүн жоготту деп табылган 5-беренесине ылайык келет.
Ал эми “КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” мыйзам долбоору ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин уюштуруу жана укуктук негиздерин бекемдѳѳнү белгилѳѳгѳ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугунун мамлекеттик системасын ѳнүктүрүүгѳ, коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив