Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Икрам Илмиянов Меккеде ресторан бизнеси менен шугулданып жүргөнү боюнча маалымат тарады

Икрам Илмиянов Меккеде ресторан бизнеси менен шугулданып жүргөнү боюнча маалымат тарады

04 июн 2018, 11:17    bishkek
КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева мындан эки аптача мурда: «Икрамжан Илмиянов эч кайда качкан жок, ал зыярат кылуу үчүн кичи ажылыкка кетти. Кайра сөзсүз кайтып келет», - деген билдирүү таратканын коомчулук жакшы билет. Себеби, ошол убакта ММК беттеринде «И. Илмиянов чет өлкөлөрдүн бирине качып кетиптир» деген маалымат тараган болчу. Аны КСДП партиясы жокко чыгаргысы келген.

Негизи кичи ажылыкка сапар тарткан адамдар кайра 10 күн ичинде кайтып келип калышы керек. Ал эми И. Илмияновдун Кыргызстандан жок болуп кеткенине эки аптадан ашуун убакыт өттү. К. Жолдубаеванын айтканына караганда ал эмдигиче «сөзсүз кайтып келиши» керек эле. Бирок, али дайыны жок.
Ал эми маалымат булактары ал тууралуу жаңы жагдайларды ачыкка чыгара баштады. Тактап айтсак, бүгүнкү күндө Икрам мырза АКШда Аскарбек Шадиев менен чогуу бир батирди ижарага алышып, «түтүн булатып» атышкан экен. Демек, анын жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келиши күмөн.

Дагы бир маалымат боюнча «экс-башкы шоопурдун» Меккеде ресторан бизнеси бар экен. Аны ачууга Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугу, Египет жана ТүштүкүАфрика Республикасындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев кол кабыш кылган деген да кептер бар. Негизи, Араб өлкөлөрүндө бизнес ачуу үчүн жер тилкесин алуу өтө оор маселе болуп саналат. Баасы асмандын башын чапчыйт. Биздин өлкөнүн бизнесмендеринин чөнтөгү чак кылышы кыйын, мүмкүн эмес. Бирок, ал жактан ресторан ачуу бактысы Илмияновго мүмкүн болгон.
Баса, салыштыруу иретинде айта кетели, мына ушул жактан Казакстандын президентинин небереси ресторан бизнесин ачкан. Бул өлкөнүн экономикалык кубаттуулугун жакшы билебиз. Казак лидеринин да байлыгы аз эмес. Ал эми биздин өлкөнүн экономикасы кубанаарлык эмес. А. Атамбаев башкарган алты жылда тышкы карызыбыз дагы эки эсеге көбөйгөн. Анысы аз келгенсип сырттан келген кредиттер максаттуу пайдаланылбай, аз эле адамдардын чөнтөгүнө «сойлоп» кирип кеткени да ачыкка чыгууда. Мына ушундай өкөбүз өнүкпөй аткан шартта Атамбаевдин шоопуру «өнүгүп», Аравияда ресторан ачып атканына кубанабызбы же кайгырабызбы?
Эгерде бул ишке элчи А. Жумабаев да аралашкан болсо, анда ал мыйзам чегинде жооп бериши керек. Негизи эле тийиштүү органдар И. Илмияновдун Аравиядагы рестораны боюнча иликтөө башташы керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив