Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » ИИМ Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыялады

ИИМ Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыялады

11 апр 2019, 12:56    bishkek
Кылмыш дүйнөсүндө "Чыңгыз дөө" деген каймана ат менен таанымал болгон 38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов эки кишинин өлүмүнө шектелүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле түрмөдөн жатак абакка которулган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик "Камек" клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү жан берген.
Милициянын маалымдашынча, маркумдардын экөөнүн тең башы жарылган, баш сөөгү сынган, бети, колдору жанчылган. Иликтеп-тергөө учурунда алар экөө тең Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургундары болуп чыкты.

Ошол эле күнү Аламүдүн районундагы Кашка-Баш айылынан маркумдардын бирине таандык болгон автоунаа табылган. Унаадан кандын тагы, дүрбү, Макаров тапанчасы, уюлдук телефондор табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип Чүй облусунун эки тургуну кармалды. Алар экөө тең мурда бир нече жолу соттолушкан, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Ал эми кылмышка шектүү үчүнчү киши - кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун жигердүү мүчөсү болуп саналган Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланды.

Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы жайында камакка алынган жана ага "киши өлтүрүүгө катышкан", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "ээнбаштык кылган" жана "кылмыш тобун түзгөн" деген айыптар тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2018-жылы 17-январда Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон.
Эки апта өтпөй ал Жогорку соттун чечими менен кайра камакка алынып, №3 колонияга киргизилген. 2019-жылы февраль айында ал жатак-абакка которулган.

Булак: Азаттык скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив