Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Б.Төрөбаев: “Өкмөт Статистикалык комитеттин маалыматтарынын негизинде анализ кылып иш алпаруусу зарыл”

Б.Төрөбаев: “Өкмөт Статистикалык комитеттин маалыматтарынын негизинде анализ кылып иш алпаруусу зарыл”

01 июн 2018, 16:12    bishkek
Бүгүн, 1-июнда "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде көчмө жыйын өткөрүштү.
КР Улуттук Статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов 1994-жылы “Мамлекеттик статистика жөнүндүө” мыйзам кабыл алынып, анын негизинде аткаруу бийлигинен статистика комитети чыгарылып, өзүнчө Улуттук статистика комитети болуп түзүлгөндүгүн айтып, анын негизги иш-милдеттери боюнча кеңири маалымат берди. Ага ылайык, бүгүнкү күндө Статистикалык комитетте 2 борбор – Башкы эсептөө борбору жана Ресурстук-методикалык борбор, 7 башкармалык, 6 бөлүм иш алпарат. Комитет жылына болжол менен 2 млн статистикалык маалымат алып, 25 миңге жакын статистикалык жумуштарды аткарат. Бүгүнкү күндө комитет жетекчилиги маалыматтарды топтоону электрондук негизде жүргүзүүгө өтүү аракетинде. Мобилдик тиркеме аркылуу эки платформа иштелип чыккан. Учурда “Статистиканы өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу” долбоорунун үстүндө Дүйнөлүк банк менен биргеликте иш алпарып, ратификациялык мыйзам долбоору даярдалууда. Алдыдагы чоң иш-чара катары 2020-жылы Эл жана туракжайларды каттоо иш-чарасын өткөрүү мерчемделүүдө. Улуттук статистика комитетинин карамагында 25 имарат жана курулуштар бар. 7 имарат капиталдык оңдоого, 16 имарат оңдоого муктаж. Мындан сырткары авариялык абалдагы имараттар дагы бар. Ал эми Тогуз-Торо районунун статистикалык бөлүмүнүн имараты жок. Өткөн жылы бул тармактан айлык маянанын аздыгынан 15 кызматкер ишинен бошонуп кеткен.
Статистикалык комитеттин төрагасынын жогорудагыдай маалыматынан кийин башкармалыктардын жетекчилери тейлеген тармактарынын ишмердүүлүктөрүнө токтолушту. Анда 2020-жылда өтүүчү Элди жана туракжайларды каттоого даярдыктын жүрүшү, өлкөнүн ички дүң продукциясы, калктын ишеним индекси, баалардын статистикасы жана башкалар боюнча конкреттүү маалыматтар айтылды.
Жыйын жүрүшүндө бул мекеменин региондор менен мекемелерден жөн эле сандык маалымат чогулта турган жай деп элестетип келген депутаттар Статистикалык комитетте өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу анализдер дагы жүргүзүлөөрүнө жогору баа беришти. Депутат Абдыкапар Султанов мындай баалуу анализдер комитеттин өзүндө эле калып жаткандыгы өкүнүчтүү экендигин билдирди. Ошону менен катар депутат мыйзамсыз өндүрүштөр кантип катталаарына кызыгып, ага Жалал-Абад облусунда иш жүзүндө 300 миң тонна көмүр казылса, статистикалык маалымат катары болгону анын жарымы гана көрсөтүлөрүн мисал катары ортого салды. Мындай мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеген комитеттин адситери Салык кызматы, Социалдык фонд жана Статистика комитети болуп, жумушчу топ түзүп бул багытта иш алпаруу пландалып жатканын жооптошту. Депутат Гүлшат Асылбаева эл өкүлдөрүнүн суроолоруна комитеттин адистеринин так, кесипкөй жана сабаттуу жооп берилишине ыраазычылыгын айтты. Ал калктын минималдуу жашоо деңгээли эмнеге негизделип жана кандай эсептелип чыгаарын тактады. Депутат Мирлан Бакиров Статистика комитетинин сайтында баардык тиешелүү маалыматтар мезгил-мезгили менен жаңыртылып жайгаштырылып турарын айтып, Өкмөт аларга дыкат көңүл буруп, так иш-милдеттерди коюп, аткарышы гана керектигин билдирди. М.Бакиров бир эле Токой чарбасын мисал келтирип, алардын өлкөнүн ички дүң продукциясына статистикалык маалыматтарда көрсөтүлгөн үлүшүнөн көп үлүш кошуу мүмкүнчүлүгү бар экенине токтолду. Акылбек Султанов Статкомитеттин тармак-тармактык адистери тармактык министрликтер менен өз ара карым-катнашта иштөөсү жолго коюлуп жаткандыгын билдирди.

Бакыт Төрөбаев дагы фракциялаштарынын пикирлерин колдоп, ИДПнын реалдуу өсүшү (дефилятор боюнча), өлкөдөн чыккан жана өлкөгө кирген акча каражатын статистикалоо жумуштары аткарылса аткаруу бийлигинин анализ жүргүзүп иш алапруусуна чоң пайдасы боло тургандыгын айтып бул багытта иш алпарууга чакырды. “Өкмөт Статистикалык комитеттин маалыматтарынын негизинде анализ кылып иш алпаруусу зарыл”,- деген фракция лидери Статистика комитетинде өлкөнүн өнүгүшүнө таасир берүүчү иштер жасалып жаткандыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында Статистика комитетинин ишин мындан дагы жакшыртуу боюнча парламентте жыйын өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле министрликтеги статистикалык маалыматтар менен Статкомитеттеги маалыматтардын бирдей болушун шарттоочу мыйзам долбоорун биргеликте иштеп чыгуу милдети коюлду. Ошону менен катар Статистика комитетинин жетекчилигинин сунушу менен мамлекеттик органдарга калктын ишеним индекси боюнча маселени парламентте ырааттуу карап туруу жагы эске алынмай болду.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 18 февраля 2019 19:47
Buying Levitra Online viagra Best Buy Pyridium Cialis Daily Use Buy Online 248 Kamagra Legit
Гость Jeakage от 10 марта 2019 12:16
Levitra 20mg En France Can I Order Celexa Online cheapest cialis Tarifs Kamagra
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив