Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Исаковдун өкмөтүнө өткөн жыл үчүн толук эмес, конкреттүү катачылыктары үчүн «канааттандыраарлык эмес» деген баа берилди

Исаковдун өкмөтүнө өткөн жыл үчүн толук эмес, конкреттүү катачылыктары үчүн «канааттандыраарлык эмес» деген баа берилди

19 апр 2018, 10:22    bishkek
Башында эле айтып коелу, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматчысы Алмаз Үсөновдун таластык досунун кат-сабаты аз-аздан болсо да жоюлуп келатат. «Ө», «ң», «ү» тамгаларын колдонгонду үйрөндү (үйрөттүк). Мурда деңгээли 2-класстын окуучусундай болсо, азыр 3-класска көчүп калды. Бирок, көп чекит деген үч эле чекиттен болорун, тырмакча ачылгандан кийин пробели жок эле жазып башташ керек экенин азыр айтып койсок, балким «Оппозициядагы фракциялар Сооронбай Жээнбековго «чык эшикке» деди…» деген макаласын кайра оңдоп илип коер. Эми негизгисине өтөлү, аталган макалада автор парламенттеги оппозициялык фракциялар Сапар Исаков башында турган өкмөттүн өткөн жыл үчүн берген отчетуна «канааттандырарлык эмес» деген баа берүү менен учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбековдун премьер-министр кезиндеги ишмердүүлүгүнө баа берип алышты деген ойду таңуулагысы келет. Автор С. Исаков өткөн жылы августь айында гана келгенин, калган 8 айын С. Жээнбеков иштегенин кыйытып, парламенттеги оппозициялык фракциялардын берген баасы учурдагы мамлекет башчысынын өкмөттү жетектеп тургандагы ишине берген баалары дегиси келет.
Эгерде бул макаланы жазган адам С. Исаковдун оппозициялык фракциялардын алдында берген отчетун көргөн болсо, анда мындай ойду таңуулабайт эле. Өкмөттүн отчетун угууда депутаттар С. Исаков өкмөт башына келгенден берки ташталган кадамдар боюнча конкреттүү суроолорду беришип, алардын баарына берилген суроолорго канааттанышкан жок. Мисалы, Бишкек ТЭЦиндеги кырсык жана андагы коррупциялык элементтер, Тогуз-Тородогу окуя, «Лигласс» жана «Хуавей» компаниялары менен эл аралык деңгээлде түзүлүп, кайра жокко чыгарылган келишимдер, «Кырк кадам» программасынын бир да кадамы жасалбаганы, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашпаганы, «Кумтөр» долбоору боюнча С. Исаковдун өкмөтүнүн парламент менен кеңешпестен туруп жаңы келишимге кол коюп койгону сыяктуу конкреттүү маселелердин тегерегинде суроолор берилди.
Мунун баары С. Исаковдун гана өкмөтүнө тишелүү маселелер. Андыктан куйруктан мүйүз жасаганга болбой турганын эскертип коюу керек.
Анан дагы макаланын аягында азыркы парламентти тарткатыш керек деген чакырыкты жасайт. Өкмөттүн чала иштегени үчүн парламент таркаш керек деген норма кайда бар экен? Эгерде азыркы парламентти таркаткан күндө дагы, кийинки шайлоодо КСДП партиясынын парламентке келиши өтө кыйын. Ичинен бүлүнгөн, бир адамдын гана кызыкчылыгын көздөгөн партияны эл шайламак беле?  скачать dle 12.0
Viagra Pharmacie Marseille Periet Medication Sold In Canada Cephalexin Dose For Canines viagra Levitra Milano
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив