Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Орусияда депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүү сунушталууда

Орусияда депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүү сунушталууда

04 апр 2019, 13:31    bishkek
Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) депортация чыгымдарын мигранттардын өзүлөрүнө төлөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады.
Мекеменин бул сунушу нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланды. Документ азырынча Мамлекеттик Думанын кароосуна чыгарыла элек.
Учурда чет өлкөлүктөрдү мекенине депортациялоо үчүн кеткен чыгымдар Орусия бюджетинин эсебинен төлөнөт. Бирок 2017-жылы күчүнө кирген нормага ылайык, Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөр ИИМ кызматкеринин көзөмөлү алдында билет сатып алып, депортацияланбастан, өлкөдөн өз алдынча чыгып кете алышат.
«Орусияга кирүү жана Орусиядан чыгуу тартиби жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эгер чет өлкөлүк жаран Орусияда жүргөн кезинде кайсыл бир салыкты же административдик айыппулду төлөбөгөн болсо, анда анын өлкөгө кайрадан кирүүсүнө уруксат берилбейт.
Орус ИИМинин маалыматына караганда, былтыр чет өлкөлүктөргө карата Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган 250дөн ашык чечим чыгарылган. Алардын алты миңден ашыгы гана депортацияланса, калганы өлкөдөн өз алдынча чыгып кетишкен. Ошол эле маалда азыр Орусияда дээрлик 10 миллион чет өлкөлүк жашайт. Алардын көбүн мыйзамдуу түрдө жүргөндөр түзөт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив