Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Жогорку Кеңеш өкмөткө чек арадагы маселелерди чечүүнү тапшырды

Жогорку Кеңеш өкмөткө чек арадагы маселелерди чечүүнү тапшырды

03 апр 2019, 20:49    bishkek
Парламент 13-14-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн чырдан улам пайда болгон кырдаалды бүгүн жабык карап, өкмөттүн маалыматын укту. Отурумга өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев баштаган бир катар чек арага тиешеси бар жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.Жыйында депутаттар Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев чек арадагы элдин маселелерин чечүүнү талап кылышкан. Алар чек арадагы айылдарга 1-категориядагы чек ара макамын берүү, коңшу өлкөлөрго кирип-чыгуучу бекеттерди оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагында өзүнчө милиция бөлүмүн түзүү, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу зарыл экенин айтышты. Мындан тышкары, сөз болуп жаткан депутаттар айыл тургундарын иш менен камсыз кылуу, жеӊилдетилген насыя берүү жана турак жайлардын документтерин тактап бүтүрүү маселелерин белгилешти.
Аягында депутаттар чек ара маселеси боюнча токтом кабыл алып, анда кыргыз-тажик чек арасындагы социалдык жана башка маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышты. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, токтомдун жалпы мазмуну ачыкка чыгарылбайт.
13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.
Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан.
Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн соң, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Булак: Азаттык скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив