Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Экономика министрлиги: кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин нормаларын бузууда

Экономика министрлиги: кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин нормаларын бузууда

03 апр 2019, 15:50    bishkek
Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кеңешүү үчүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясындагы мүчөлөрүн чакыртып алууну сунуштады.
«Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына караганда, чек арада азыр төмөнкү документтер текшерилип жатат: CMR (эл аралык товар жана транспортту коштоп жүрчү кагаздар), ТТН (товар менен транстпортту коштоп жүрчү кагаздар), инвойс же эсеп-фактурасы,транспорт каражатынын техникалык паспорту жана чек арадан өткөндүгү тууралуу талондор. Мындай аракеттер жашыруун бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп эсептелет. Бул биримдиктин нормаларына каршы келет, ошондой эле ЕАЭБдин ички базарында товарлардын эркин жүрүүсү жөнүндө айтылган ЕАЭБ тууралуу келишимдин 25-беренесинин жобосун бузат», - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-казак чек арасында товарлар жүктөлгөн жүк унааларын текшерүү 19-марттан тарта күчөтүлгөн. Товар алып бараткан ар бир транспорт каражаты узакка текшерилип, буга байланыштуу алардын чек арадан өтүү убактысы созулуп кеткен.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын 2-апрелдеги маалыматы боюнча кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив