Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Нур-Султанда Светлана Глушкованын судьяны алмаштыруу өтүнүчү канааттандырылган жок

Нур-Султанда Светлана Глушкованын судьяны алмаштыруу өтүнүчү канааттандырылган жок

03 апр 2019, 00:05    bishkek
Нур-Султан административдик соту «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын судья менен прокурорду алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок.
1-апрелдеги сот отурумунда судья жабырлануучу тараптын талабына ылайык журналисттер залдан чыгышы керектигин билдирген. Буга байланыштуу Глушкова судьяны алмаштыруу боюнча өтүнүч келтирген. Бирок бүгүн Нур-Султан шаарынын райондор аралык административдик соту судьяны алмаштырууга эч негиз жок деген чечим кабыл алды.
Журналист 22-мартта борбор калаада өткөн нааразылык акциясы маалындагы кармоолорду чагылдырууга тоскоолдук кылган кызды «түртүп жиберген» деп айыпталууда.
«Уруп-согуу» беренеси менен каралып жаткан бул иш боюнча Глушкова айыппул төлөп же 10 суткага административдик камакка алынышы мүмкүн.Журналист айыптоолорду четке кагып, бул иште саясий боёк бар экенин жана анын ишине тоскоолдук кылууга багытталганын билдирүүдө.
Бүгүн Глушкованы колдоо үчүн сотко ондогон жаран келди. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, сотко келүүгө камынган кеминде төрт киши — Кайрат Сейткалиев, Серик Жахин, Нурсулу Хамзина жана Назым Серикпаев үйлөрүнөн чыгары менен кармалышкан.
22-мартта Глушкова Нур-Султандагы «Шапагат» базарында кармоолорду чагылдырып жатканда, журналистти полиция кызматкерлери алып кеткен. Анда Глушковага карата шаар тургундарынын бири арыз жазып, журналист аны түртүп жибергенин билдиргенин айтышкан. Бирок Глушкова полиция бөлүмүндө беш саат кармалып тургандан кийин протокол толтурбастан бошотушкан.
Акыркы жолу журналист 31-март күнү кечинде Алматыдан учуп келгенден кийин Нур-Султан аэропортунда кармалган. Анда Глушкова протокол түзүп, административдик иштин көчүрмөсү менен сотко чакыруу кагазын бергенге чейин аны төрт саат аэропорт имаратында кармап турушканын айтып, полиция анын укуктарын бузганын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив