Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Алматы: Нооруз майрамы белгиленип жаткан аянтта бир нече киши кармалды (видео)

Алматы: Нооруз майрамы белгиленип жаткан аянтта бир нече киши кармалды (видео)

22 мар 2019, 18:40    bishkek
Алматыда Нооруз майрамы белгиленип жаткан аянтта бир нече адам кармалды. Алар казак бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка карата нааразылыктарын билдиришкен.
Маалыматка караганда, кармалганга чейин алар өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар жөнүндө жана Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы экендиктерин айтышкан. Андан соң полиция кызматкерлери онго жакын адамды кичи автобустарга күчтөп отургузуп, алып кетишкен.
Учурда шаардын майрам белгиленип жаткан Панфилов жана Гоголь көчөлөрүнүн кечилишинде ондогон полиция кызматкери жана атайын даярдыктагы бөлүктүн өкүлдөрү жүрөт.
Күн мурун бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов тарапташтарына кайрылып, аларды 22-мартта дал ушул көчөлөрдүн кечилишине акциягы чогулууга үндөгөн.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, бүгүн Астана шаарында дагы бир нече киши, анын ичинде «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкова да кармалды.Басылманын кабарчысы белгисиз адамдар алардын ишине тоскоолдук кылып, камеранын объективин жаап, операторду жулкулдатып жатканын билдирди. Анын айтымында, анда чогулган жаштар журналисттерден «жакшы нерселерди гана чагылдырууну» талап кылып жатышат. Өз кезегинде полиция профессионалдык милдеттерин аткарууга тоскоол кылып жаткандарды токтотуу боюнча кабарчылардын өтүнүчүнө көңүл бурушкан жок.
Астанага тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгарууну 20-мартта президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив