Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

15 мар 2019, 12:09    bishkek
Акыркы эки жумадан бери Тажикстандын көпчүлүк аймактарында күндүз жана кечкисин электр жарыгы бир нече саатка өчүрүлүүдө.
Рудаки районунун тургуну Икромжон Жураев аларда электр жарыгы он күндөн бери өчүрүлүп жатканын билдирди. «Жарык эртең менен 6:00дөн 8:30га чейин, андан кийин 17:00дөн 00:00гө чейин берилип жатат. Ал ортодо айылдагы трансформатор бузулуп, азыр оңдоп жатабыз» — деди ал.
Жураевдин айтымында, бул абал боюнча «Барки точик» ишканасы эч кандай түшүндүрмө берген жок. Өлкөнүн башка аймактарынын тургундары дагы электр энергиясынын эмне себептен өчүрүлүп жатканы түшүнүксүз болуп жатканын билдиришүүдө.
Айрым тургундар бийлик Рогун ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүүгө даярданып, мындан улам суу сактагычка суу топтоо иштери жүрүп жатканын айтышууда.
Ал ортодо «Барки точик» ишканасы бул убактылуу чара экенин белгилеп, бирок электр жарыгынын өчүрүлүшү Рогун ГЭСине суу топтоого байлантуу эмес экенин билдирди. Мекеме өкүлдөрү Нооруз майрамына чейин өлкөнүн бардык аймагына электр жарыгы толук бериле баштай турганын айтышты.
Былтыр ноябрда Тажикстанда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилген. 2018-жылы өлкөдө 19 миллиард килоВатт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул ага чейинки жылдарга салыштырмалуу 1 миллиард килоВатт саатка көп. Ошол эле маалда былтыр 2 миллиард килоВатт саат электр энергиясы Өзбекстанга, Ооганстанга жана Кыргызстанга экспорттолгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив