Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Жаңы өзөндө жумуш талап кылган 11 киши суракка алынды

Жаңы өзөндө жумуш талап кылган 11 киши суракка алынды

14 мар 2019, 15:07    bishkek
Казакстандын Жаңыөзөн шаарында акыркы күндөрү жумуш талап кылып акимчилик алдына чыгып жаткан 11 кишини кармалып, сурак беришти.
Укук коргоо кызматкерлери аларды үйлөрүнөн шаршемби күнү кечки саат тогуздарда кармап кетип, полиция имаратында бир жарым сааттан ашык кармап турушкан. Кармалгандардын арасында аялдар менен улгайган адамдар дагы болгон.
Акыркы бир нече күндөн бери ондогон жумушсуз жаран шаар акимчилигинин имаратынын алдына чогулуп, ишке орноштурууну талап кылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 13-мартта акимчилик алдына чогулган адамдарга полиция келип, алардын бул жыйыны «мыйзамсыз» экенин айтып, дагы келсе жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
11-мартта Жаңыөзөндө 50–60 адам шаар акимчилигинин алдына келип, жумуш таап берүүнү талап кылышкан. Алар өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин атына кайрылуу жазып, талаптарын Астанага чейин жеткирүүгө ниеттенип жатышканын билдиришкен.
Жаңыөзөндүктөр 150-200 миң теңге (400 доллардын тегереги) айлык акысы бар жумуш таап берүү талабы менен февралдын башынан бери нааразылык акцияларына чыгып жатышат.
26-февралда Мангистау облустук прокуратурасы 23-25-февраль күндөрү шаарда «коомдук тартипти бузуу» айыбы менен 16 киши кармалып, беш суткадан жети суткага чейинки мөөнөттөргө камалганын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив