Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архивдик сүрөтКоопсуздук кеңешинин катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архивдик сүрөтКоопсуздук кеңешинин катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча үн катты

14 мар 2019, 11:20    bishkek
Кечээ, 13-мартта, кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыгып, кыргызстандык бир адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты.
Эске салсак, кечээ, 13-мартта, Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым. Андан Кыргызстандын бир жараны жаракат алып Баткен облусунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.
Чырдан улам Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипке өткөн.
"Кечээтен бери окуя боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын бардыгы кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, кырдаал дагы эле турукташа элек", — деди Сагынбаев.
13-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Министрлер чек арадагы абалды талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилени чыңдоо жана жагдайды жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдардын өз ара тыгыз аракетинин зарылдыгын белгилешкен.
Булак: Спутник скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив