Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Түркмөн мамлекеттик басылмалары калкты жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга чакырууда

Түркмөн мамлекеттик басылмалары калкты жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга чакырууда

13 мар 2019, 15:38    bishkek
Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары коомдо үй-жайсыз жаныбарларга катаал мамиле болуп, ошол эле маалда мамлекет аларга камкордук көрүп, гумандуу мамиле жасап жатканын жазышты. Буга чейин жергиликтүү жаныбарларды коргоочулар Ашхабадда жолбун иттер менен мышыктар жапырт атылып жатканын айтып чыгышкан.
«Түркмөнстан Алтын кылым» мамлекеттик басылмасы ээси үчүнчү кабаттан ыргытып жибергенден кийин жаракат алган иттин окуясын баяндап, кийин аны башка үй-бүлө багып алганын жазды.
«Ориент» басылмасы өлкөдө жолбун жаныбарлардын көйгөйүн чечүү үчүн бийлик борборлоштурулган клиника жана баш калкалоочу жайларды ачуу чечимин кабыл алганын белгилеген.
«Мамлекет биздин катабызды, таш боордугубузду оңдоп жатат десек болот. Ал биздин жаныбарларга болгон жоопкерчилигибизди өзүнө алып жатат», — деп жазды басылма.
Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жана Түркмөнстандын башка аймактарында жолбун жаныбарларды атуу өнөктүгү күч алганын жана аларга катаал мамиле жасалып жатканын кабарлаган.
Түркмөн бийлиги быйыл жыл башынан бери күн сайын шаар көчөлөрүндө жүргөн иттер менен мышыктарды кармап жатат. Буга чейинки жылдары алар мамлекеттик майрамдардын жана ири спорттук иш-чарлардын алдында гана кармалып келген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив