Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Москва, Петербург жана Екатеринбургда мигранттарды кармоо боюнча рейддер өттү (видео)

Москва, Петербург жана Екатеринбургда мигранттарды кармоо боюнча рейддер өттү (видео)

13 мар 2019, 09:20    bishkek
11-март күнү түнкү саат үчтө Росгвардия жана ОМОН аскерлери ”Москва”, “Садавод”, 12-мартта Москвадагы “Фут Сити” базарларында рейддерди өткөрүштү.
Күбөлөрдүн айтымында, күч кызматкерлери мигранттарды автозактарга салып, жакынкы полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкен. Кармалгандардын көбү – Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер.
"Кечээ Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери Люблиного барды. Кыргызстандын элүүдөй жараны миграциялык документтери текшерилгенден кийин бошотулган. Бул рейддерде жүздөгөн мигранттар кармалды десе болот. Текшерүүлөр Москвада эле эмес, Санкт-Петербург, Екатеринбург базарларында дагы жүрдү, – деди “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Лазат Такырбашева.
Полиция жапырт текшерүүлөрдү жана кармоолорду жана алардын себептерин түшүндүргөн жок. Москва өкмөтүнүн басма сөз кызматы дагы үн катпады.
“Интерфакстын” өз булагы бул рейддерди өткөн аптада мигранттар ортосунда болгон жаңжал менен байланыштырды. 9-мартта Москванын Белореченский көчөсүндө топ кишилер бычакташып, мылтык үнү жаңырган. Айрымдар базарларда криптовалюталык фермаларды издөө үчүн рейд жүргөнүн белгилешүүдө.
“Настоящее Времяга” интервью берген укук коргоочу Каримжон Ёров "базарларда жүк ташуучулардын орундарын алмаштыруу үчүн рейд жүргүзүлүп жатышы ыктымал" деп божомолдоду. Буга байланыштуу базарларда эң оор жумуштарда иштегендерди кармап кетишкен.




скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив