Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Өнөржай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Өнөржай ишканаларынан сууга товар катары акы алууга багытталган мыйзам долбоору каралды

20 фев 2019, 12:16    bishkek
Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга) 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Жыйында мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.
Мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрүнүн суроолоруна КР айыл чарбасы, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Суу чарба департаментинин өкүлдөрү жооп беришти.
Мыйзам долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларга жеӊилдиктерди берүү суу мыйзамдарына ылайык, КР Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөөрү белгиленүүдө. Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга суу Өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат.
Мындан сырткары, жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө төмөнкү учурларда бошотулмакчы: кайра жаралуучу энергияны кошкондо сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда, балык өстүрүүдө, калктын ичүү керектөөлөрү үчүн суу алууда, спорт, эс алуу, туризм жана аракеттеги мыйзамда белгиленген максаттарда пайдаланууда.
Белгилей кетсек, өткөн талкууларда суу боюнча 2 төлөм: бири - суу ресурсуна болгон төлөм, экинчиси – суу жеткирүү кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм болоору такталган. Тагыраак айтканда, суу өнөржай тармагына пайдаланылган учурларда суудан товар катары акы алынат. Ал эми тургундар суу акысын төлөшпөйт, бирок аракеттеги мыйзамда белгиленгендей, сууну жеткирүүдөгү кызмат көрсөтүүгө акы төлөйт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив