Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Владимир Нифадьев: "Каныбек Осмоналиев шайлоочулардын өтүнүчү менен кайрылган"

Владимир Нифадьев: "Каныбек Осмоналиев шайлоочулардын өтүнүчү менен кайрылган"

18 апр 2018, 14:14    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 18-апелде 1-май райондук сотунда экс-депутат К.Осмоналиевге козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму каралып жатат.
Каныбек Осмоналиевге, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурунда Кыргыз-орус славян окуу жайына абитуриенттерден пара алып, аларды окууга өткөргөн деп күнөө коюлууда. 

Соттук отурумга, окуу жайдын ошол кездеги ректору Владимир Нифадьев келип күбө өттү. 

"Каныбек Осмоналиев мени чакырып, шайлоорчулардын каты боюнча, окууга өтпөй калган абитуриенттерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк жолу барбы деген сүйлөшүү жүргөн. Ошол боюнча жолугушкан жокпуз. Каныбек Осмоналиев мага карата кысым же басым кылган эмес. Абитуриенттерди комиссиянын чечими менен кабыл алганбыз. Бул коллегиялык чечим болгон. Ал жерде 15 адам болгон, ичинде декандар окуу жайдын кызматкерлери. Булар кабыл алуу комиссия болчу",-дейт Нифадьев.

Каныбек Осмоналиевдин жактоочусу Жыргал Бабаевдин, "Каныбек Осмоналиев сизге абитуриенттерди өткөрүп кой деп акча сунуштады беле?",-деген суроосуна, андай болбогонун айтты.

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча, "мен шайлоочулардын өтүнүч каты боюнча ректорго байланышкам. Мен эл өкүлү катары мага түшкөн каттарга жооп берип же жардам көрсөтүшүм милдет. Абитуриенттерди мыйзамсыз окууга өткөрүп жиберүүгө укугум дагы жок. Депутат катары гана сунуш, өтүнүч катын жибере алам. Пара алып, окууга өткөрүптүр деген бул курулай жалаа. Мен, окуу жайдын же тийиштүү кызматта турбасам, кантип аларды өткөрүп салмакмын?",-дейт экс-депутат. 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;