Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Парламент жеке менчик клиникаларга органдарды алмаштырууга уруксат берүүгө ниеттенүүдө

Парламент жеке менчик клиникаларга органдарды алмаштырууга уруксат берүүгө ниеттенүүдө

08 фев 2019, 17:04    bishkek
Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгууга киришти.
2016-жылы президент коомчулуктун терс пикирин эске алуу менен парламент кабыл алган бул мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Бирок коомчулук өкүлдөрү мамлекет адам органдарын алмаштырууну көзөмөлдөөгө даяр эмесин жана бул мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адам органдарын мыйзамсыз сатуунун көмүскө базары пайда болот деген кооптонуусун айтып чыгышты.
Парламент жакында эле «Адам органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун макулашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу токтом кабыл алган. Эми парламент менен өкмөттүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн макулдашуу тобу мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу жана адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн талап кылынган шарттарды камтыган укуктук ченемдерди иштеп чыга турган болду.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн мыйзамда талап кылынган шарттар жана жоопкерчилик чаралары камтылары айтылды. Ошондой эле анда адам органдарын алмаштырууга укук алуу үчүн жеке менчик клиникаларга дарыгерлердин жогорку даярдыгы, заманбап медициналык жабдуулар жана лабораториясынын болушу талап кылынары белгиленди.
Парламенттин тиешелүү комитетинин төрайымынын орун басары, депутат Алмазбек Токторов адам органдарын мыйзамсыз сатууга каршы чаралар дагы анда иштелип чыгарын билдирди.
«Бирөөнүн бөйрөгүн анын эркине каршы алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Биз адам органдарын сатууга байланыштуу беренелерди да күчөтүү жагын карап жатабыз. Ошол кодекстерге да өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Эми буга да эрте десек, жүрө беребиз. Коңшу Тажикстанда мыйзам эчак кабыл алынып, бул тармак жакшы өнүгүп жатат. Бизде «көмүскө трансплантологдор чыгат» деп коркуп, каршылык болуп жаткан чакта биздин оорукчан жарандар коңшуларга же башка алыскы өлкөлөргө барып, органдарын алмаштырууга мажбур болушууда. Сыртка чыгуу биздин жарандар үчүн кымбатка түшөт. Алар үчүн ары-бери жолдо жүрүү да кыйынчылык жаратат. Азыр эрте деп жүрө берсек, бизде медицина өнүкпөйт», — деди ал.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив