Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Тажик дин кызматчысы Саид Гозинин жаза мөөнөтү 18 жылга кыскартылды

Тажик дин кызматчысы Саид Гозинин жаза мөөнөтү 18 жылга кыскартылды

08 фев 2019, 16:59    bishkek
Белгилүү тажик дин кызматчысы Саид Киёмиддин Гозинин жаза мөөнөтү 18 жылга кыскартылды. Бул тууралуу Тажикстандын Жогорку сотунан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү чечимди кабыл алууда Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча Соттук коллегиясы анын чындап өкүнгөнүн жана оор кылмыштардын бетин ачууга жардам бергендигин эске алды.
Саид Киёмиддин Гози былтыр улут, раса жана дин аралык кастыкты козутууга, мекенге чыккынчылык кылууга жана конституциялык түзүлүштү кулатуу чакырыктарына байланыштуу айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.
Гози жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактын башчысы Баходур Исмоилов азырынча аларга Жогорку соттон расмий кагаз келе электигин билдирди. Анын айтымында, учурда соттолгон дин кызматчысынын саламаттыгы жакшы.
Киёмиддин Гозиев же Эшон Саид Киёмиддини Гози 90-жылдары белгилүү дин кызматчысы болгон. Ал 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган «Шахидон» аянтында сүйлөп, ошол эле күнү «элдик генерал» деген расмий эмес наамга ээ болгон. Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин Саид Киёмиддин Гози Ооганстанга өтүп, анда Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, Улуттук жарашуу комиссияларынын бирине мүчө болгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив