Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Бишкекте мүлк боюнча чечим чыгарган мурдагы сотко кылмыш иши ачылды

Бишкекте мүлк боюнча чечим чыгарган мурдагы сотко кылмыш иши ачылды

08 фев 2019, 12:25    bishkek
0 комментарий   
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун мурдагы судьясынын (Н.Ж.) иштеп турган мезгилдеги чечими боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейин өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.
Тергөөдө аныкталгандай, мурдараак «Г.Э.» жана «ЭДС» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда мүлк сатуу боюнча алды-сатты келишими түзүлгөн. Ага ылайык Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 45-45 дарегиндеги жер тилкеси «ЭДС» фирмасына өткөрүлгөн. Кийин бул кыймылсыз мүлк кылмыш ишинин алкагында камакка алынып, мамлекетке конфискация жасалышы керектиги ачыкка чыккан.
Ага карабай аталган судья (Н.Ж.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу өзү билип турган жагдайда, кеп болуп жаткан келишимди жокко чыгарып, мүлктү кайра каттоого уруксат берген. Ал мүлккө коюлган камакты алып салганына байланыштуу мамлекетке өтчү тилке үчүнчү тарапка сатылып кеткен.
Кеп болгон факт боюнча мурдагы судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясы макулдук берди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
“24.kg” сайты өз булактарына таянуу менен иш ачылган экс-судья Жыргалбек Нурунбетов экенин жана келишим түзгөн фирмалар «Global Advertising», «ЭлитДомСтрой» деп аталарын жазды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;