Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды
Улукбек Кочкоров: "Балага сүйүнчү" алуу үчүн арыз берген жарандар эртеси күнү эле акча каражаты түшкөндүгү тууралуу банктардан СМС-билдирүү алышууда"
Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"
С.Жэээнбеков: Все равны перед законом. Ошибаются те, кто думает оказать давление на власть, выведя народ на улицы
Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”
Эмилбек Каптагаев: "Президент Сооронбай Жээнбековду Бабановго каршы ачык эле тукуруп жатышат"
Президенттин басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбавге жооп кайтарды
Алмазбек Акматалиев: "Атамбаев жашынып алып, чоң чыр, төңкөрүшкө даярданып жатат!"
АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды
Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Издөө
» » Тажикстан гимнинин авторунун иниси экстремизм айыбы менен түрмөгө кесилди

Тажикстан гимнинин авторунун иниси экстремизм айыбы менен түрмөгө кесилди

08 фев 2019, 11:34    bishkek
Душанбе шаарынын соту Тажикстандын улуттук гимнинин сөзүнүн автору, Эл акыны Гулназар Келдинин иниси Икбол Келдиевди 14 жылга эркинен ажыратты.
28 жаштагы Икбол Келдиев тыюу салынган «Ансоруллох» экстремисттик тобунун мүчөсү болгон жана Ооганстанда талибдердин катарында согушкан деп күнөөлөнгөн. Сот жараяны жабык өтүп, ага айыпталуучунун туугандары киргизилген жок.
Икбол Келдиев 2018-жылдын аягында Тажикстанга ооган түрмөсүнөн экстрадицияланган. Ал 2015-жылы талибдер менен чогуу Кундуз провинциясында кармалган, анын жанында жасалма ооган паспорту болгон. 2016-жылы Ооганстан соту Келдиевди жалган документ жасоо, өкмөткө каршы күчтөрдун катарында согушуу айыбы менен 16 жылга түрмөгө кескен.
Келдиев Душанбеген кайтарылгандан кийин Тажикстандын Кылмыш кодекси боюнча кайрадан сот жараяны өттү. Өкүм күчүнө кирди, ал өлкөдөгү колониялардын биринде жазасын өтөп жатат.
Ихбол Келдиевдин агасы, Тажикстандын Эл акыны Гулназар Келди ал чындап эле узак мөөнөткө эркинен ажыратылганын тастыктады.
«Икбол – менин иним. Ал Орусияга иштегени кетип, экстремисттик топтордун таасирине кабылган. Пакистанга барып, жаракат алган, андан соң Ооганстанга жер которгон. Ал күнөөсүн мойнуна алды, өкүндү», – деди Гулназар Келди.
Икбол Келдиевдин туугандары мунапыска үмүт артышууда.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив