Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » БатМУнун окутуучулары президентке кайрылды

БатМУнун окутуучулары президентке кайрылды

14 янв 2019, 20:02    bishkek
0 комментарий   
Аталган окуу жайдын ага окутуучусу Кубанычбек Таировдун маалымдашынча, 2017-жылы 39 диплом мыйзамсыз берилгендиги аныкталып, 7 окутуучуга соттук өкүм чыкканы менен, мыйзамсыз аракеттин башындагылар эмес аткаруучуларга гана чара колдонулган.
Кайрылууда окуу жайга студенттерди кабыл алууда коюлган тоскоолдуктардын көп экендиги да айтылат. Алсак, 2018-жылы башкы мекемеде күндүзгү бөлүмгө 38 гана студент кабыл алынган.
Ошондой эле университеттин жетекчилиги тарабынан ашыкча чыгымдар да көп болору маалымдалган. Ректор Абдивап Зулпуев Францияга, Москвага жана башка өлкөлөргө жубайы менен сапарга чыкканы, анын баары университеттин эсебинен каржылангандыгы айтылган.
Маалыматта жазылгандай, жыйынтыксыз иш сапарларга  2017-жылы 6 млн 230 миң 797 сом чыгымдалган. Ректордун Франциядан алган “Илимдеги наам” жеке сыйлыгына 2 миң доллар окуу жайдын эсебинен төлөнгөн. Бирок башка кызматкерлерге ушул эле багыттагы иш сапарлар үчүн акча каралбайт.
-Ректор үчүн кызматтык унаа 2017-жылы 11 миң долларга сатылып алынган. Бул абдан кымбат болгон. Тендердин кандай өткөндүгү дайынсыз. Кызматтык унаага 2017-ж. 333 миң 900 сом жумшалган. 2018-жылы 7-октябрда ректордун шалаакылыгынан машина Баткенден Кызыл-Кыяга түн жарымында баратып, масчылыктан кырсыкка учурап, айдоочусу каза болгон. Бирок бул боюнча эч кандай текшерүү иштери жүргөн да, чара колдонулган да эмес, — деп катта айтылат.
Кубаныч Таировдун президентке жолдогон катында БатМУда жогорку билимдүү окутуучулар 6-7 миң сом, ал эми айдоочу 20 миң сом айлык алары да жазылган.
Бул боюнча ректор өзү эч кандай маалымат бере элек.
Кошумчалай кетсек, териштирүү иштери бүткөнгө чейин Абдивап Зулпуевди кызматтан алып турууну да суранышкан.
Булак: Маралскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;