Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн ЖОЖдордо 700дөн ашык гранттык орундар берилет

Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн ЖОЖдордо 700дөн ашык гранттык орундар берилет

14 янв 2019, 16:21    bishkek
Быйыл Өзбекстанда аскер кызматкерлеринин балдары үчүн өлкөнүн Жогорку окуу жайларынан 700дөн ашуун мамлекеттик гранттар берилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев өзбек Куралдуу күчтөрүнүн 27 жылдыгы жана Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап жатып билдирди.
«Биз мындан ары дагы өлкөбүздүн коргонуу кубатын жогорулатууга, жогорку квалификациядагы аскер кадрларын даярдоого жана Ата Мекенди коргоочулар менен алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Алсак, 2019-жылы жеңилдетилген насыялардын негизинде аскер кызматкерлери үчүн 116 көп кабаттуу үй курулат. Аскерлердин 700дөн ашык баласынын Жогорку окуу жайларда билим алуусуна мамлекеттик гранттар бөлүнөт», — деп жазылган президенттин куттуктоосунда.
Мындан тышкары Мирзиёев аскердик шаарчалардагы шарттарды жакшыртып, заманбап инфраструктураларды түзүү боюнча масштабдуу иштер улантыла турганын кошумчалады.
Эл аралык терроризм коркунучтарынын күчөп жаткандыгы тууралуу айткан мамлекет башчы Өзбекстанда өлкөнүн аскердик-саясий маселелердеги так позициясын көрсөтүп турган Коргонуу доктринасы иштелип чыкканын белгиледи.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив