Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту

Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту

11 янв 2019, 17:05    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту.«Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россия Федерациясынын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз жана сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!» — деп белгиледи Досалы Эсеналиев.
Ильзат Ахметов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кайда болбосун ар дайым өз Мекенин — Кыргызстанды сагынаарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Ильзат Ахметов жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.
Эске сала кетсек, Ильзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. «Алга» командасынын тарбиялануучусу болгон. Андан соң россиялык «Рубин» футбол командасында ойноду. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.
Ошондой эле Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив