Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Тажик бийлиги Сирияда кармалган жаранынын тек-жайын аныктады

Тажик бийлиги Сирияда кармалган жаранынын тек-жайын аныктады

11 янв 2019, 14:06    bishkek
0 комментарий   
«Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобуна тиешеси бар деген айып менен Сириядагы күрт отряддары тарабынан кармалган тажик жаранынын тек-жайы аныктады. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстан күч түзүмүндөрүндөгү өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, кармалган адам Хатлон облусунун Сарбанд шаарчасынын 24 жаштагы тургуну Мухаммад Давлатализода. Ал 2015-жылдан бери жалданмачылык айыбы менен эл аралык издөөдө жүргөн.
10-январда Давлатализоданын апасы Мехри Курбонова уулу Тажикстан ислам университетинин студенти болуп, 2014-жылы окуусун Египетте улантууну чечкенин билдирди. Кийин анын Иракка барып, жоочулар тарапта согуштарга катышып жүргөнү белгилүү болгон.
Сириядагы күрт отряддары Абу Мусааба Точики (Мухаммад Давлатализода) аттуу ИМ тобунун согушкери кармалганын 9-январда билдиришкен. Анда тажик жараны менен бирге Өзбекстандын эки, Казакстандын, Орусиянын, АКШнын, Германиянын жана Украинанын бирден жарандары кармалганы айтылган.
Тажик бийлигинин былтыр сентябрдагы маалыматына ылайык, өлкөнүн 1900 жараны Сирия менен Иракка барып, ИМ тобунан катарына кошулуп кетишкен.


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;